Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Талас шаардык Кенешинин «Талас шаарындагы муниципалдык имараттардын (мекемелердин) бош аянттарын пайдалануу үчүн ижара акыларын бекитүү жөнүндө» токтому
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ
2014-жылы 29-апрели №106/11-6 Талас шаарындагы муниципалдык имараттардын (мекемелердин) бош аянттарын пайдалануу үчүн ижара акыларын бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 30-майындагы №263 сандуу токтомуна ылайык, Талас шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын 2014-жылдын 1-апрелиндеги № 114 сандуу катынын жана Депутаттардын Талас шаардык кенешинин 2013-жылдын 5-ноябрындагы № 51/8-6 сандуу токтомуна карата Талас шаардык прокурорунун каршылык билдирүүсүнүн негизинде Депутаттардын Талас шаардык кенеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Депутаттардын Талас шаардык кенешинин 2013-жылдын 5-ноябрындагы №51/8-6 сандуу токтому жокко чыгарылсын.
2. Талас шаарындагы муниципалдык турак жай эмес имараттардын (мекемелердин) бош аянттарын пайдалануу үчүн ижара акылары тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Кабыл алынган токтом шаардык “Жаны Багыт” газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын укуктук-ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Талас шаардык кенешинин Бюджет жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына (Р.М.Мамбетов) милдеттендирилсин.
Төрага:
А.Джузупбеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Талас шаардык кеӊешинин 2013-жылдын 5-ноябрындагы № 51/8-6 "Талас шаарындагы муниципалдык менчиктеги жерлерди, имараттарды кичи футбол аянтчасын ижарага берүү боюнча жана…Постановление · 05.11.2013 · № 51/8-6
- Постановление Правительства КР от 30 мая 2011 года №263 "О вопросах аренды государственного имущества"Постановление · 30.05.2011 · № 263 · Күчүн жоготкон