# КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2015-жылдын 27-октябрындагы № 177 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын каттоо жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2015-жылдын 27-октябрындагы № 177 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын каттоо жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 177
- Кабыл алынган күнү: 27.10.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 27.10.2015
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/20692>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-1659/edition/704819/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/20692.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.10.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2015-жылдын 27-октябрындагы № 177 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын каттоо жөнүндө" токтому (27.10.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/20692

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2015-жылдын 27-октябры № 177 Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын каттоо жөнүндө (КР Борборшайлоокомунун 2015-жылдын 7-декабрындагы № 193 токтомунун редакциясына ылайык) "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 65-беренесине жана "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө " Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2015-жылдын 15-октябрындагы № 173 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын натыйжалары жөнүндө протоколго ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары болуп төмөнкүлөр табылсын жана катталсын:

- (КР Борборшайлоокомунун 2015-жылдын 7-декабрындагы № 193 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

- Масабиров Талайбек Айтмаматович - "Кыргызстан" саясий партиясынан.

2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин катталган депутаттарына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөр жана төш белгилер берилсин.

3. Бул токтомдун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жөнөтүлсүн.

4. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси П.П.Баженовго жүктөлсүн.

Төрага

Т. Абдраимов
