# Ош шаардык кеңешинин 2014-жылы 26-апрелиндеги №173 "Ош шаардык кеңешинин аппаратынын түзүмүнө кошумча штаттык бирдиктерди киргизүүгө макулдук берүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Ош шаардык кеңешинин 2014-жылы 26-апрелиндеги №173 "Ош шаардык кеңешинин аппаратынын түзүмүнө кошумча штаттык бирдиктерди киргизүүгө макулдук берүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 173
- Кабыл алынган күнү: 26.04.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.04.2014
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/206671>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-17039/edition/642090/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/206671.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.04.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ош шаардык кеңешинин 2014-жылы 26-апрелиндеги №173 "Ош шаардык кеңешинин аппаратынын түзүмүнө кошумча штаттык бирдиктерди киргизүүгө макулдук берүү жөнүндө" токтому (26.04.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/206671

---

ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКСИЗ XVII СЕССИЯСЫ

(III чакырылыш)

2014-жылы 26-апрели №173 Ош шаардык кеңешинин аппаратынын түзүмүнө кошумча штаттык бирдиктерди киргизүүгө макулдук берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 35-беренесинин, Ош шаардык кеңешинин Регламентинин 1.5. пунктунун негизинде Ош шаардык кеңешинин аппаратынын түзүмүнө кошумча штаттык бирдиктерди киргизүүгө макулдук берүү жөнүндөгү маселени карап жана талкуулап, ошондой эле сессияда чыгып сүйлөгөн депутаттардын ой-пикирлерин, сунуштарын эске алуу менен Ош шаардык кеңеши Т О К Т О М К Ы Л А Т:

1. Ош шаардык кеңешинин түзүмүнө бөлүм ачуу үчүн кошумча 1 бөлүм башчы, 1 башкы адис, 1 жетектөөчү адис, 1 адис штаттык бирдиктерин киргизүүгө макулдук берилсин.

2. Депутаттардын Ош шаардык кеңешинин 2014-жылдын 27-мартындагы кезектеги XVI сессиясынын «Депутаттардын Ош шаардык кеңешинин аппаратынын штаттык түзүмүнө кошумча штаттык бирдиктерди киргизүүгө макулдук берүү жөнүндөгү» № 167-токтому күчүн жоготту деп табылсын.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнөн Ош шаардык кеңешинин түзүмүнө кошумча төрт штаттык бирдик киргизүү маселесин чечип берүү жагы суралсын (1 бөлүм башчы, 1 башкы адис, 1 жетектөөчү адис, 1 адис).

4. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (М.Сапаралиев) жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын (К.Жамалов).

5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.

6. Токтом кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Ош шаардык кеңешинин төрагасы:

У.Примов
