Ош шаардык кеңешинин «Ош шаардык кеңешинин аппаратынын түзүмүнө кошумча штаттык бирдиктерди киргизүүгө макулдук берүү жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКСИЗ XVII СЕССИЯСЫ
(III чакырылыш)
2014-жылы 26-апрели №173 Ош шаардык кеңешинин аппаратынын түзүмүнө кошумча штаттык бирдиктерди киргизүүгө макулдук берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 35-беренесинин, Ош шаардык кеңешинин Регламентинин 1.5. пунктунун негизинде Ош шаардык кеңешинин аппаратынын түзүмүнө кошумча штаттык бирдиктерди киргизүүгө макулдук берүү жөнүндөгү маселени карап жана талкуулап, ошондой эле сессияда чыгып сүйлөгөн депутаттардын ой-пикирлерин, сунуштарын эске алуу менен Ош шаардык кеңеши Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Ош шаардык кеңешинин түзүмүнө бөлүм ачуу үчүн кошумча 1 бөлүм башчы, 1 башкы адис, 1 жетектөөчү адис, 1 адис штаттык бирдиктерин киргизүүгө макулдук берилсин.
2. Депутаттардын Ош шаардык кеңешинин 2014-жылдын 27-мартындагы кезектеги XVI сессиясынын «Депутаттардын Ош шаардык кеңешинин аппаратынын штаттык түзүмүнө кошумча штаттык бирдиктерди киргизүүгө макулдук берүү жөнүндөгү» № 167-токтому күчүн жоготту деп табылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнөн Ош шаардык кеңешинин түзүмүнө кошумча төрт штаттык бирдик киргизүү маселесин чечип берүү жагы суралсын (1 бөлүм башчы, 1 башкы адис, 1 жетектөөчү адис, 1 адис).
4. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (М.Сапаралиев) жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын (К.Жамалов).
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
6. Токтом кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Ош шаардык кеңешинин төрагасы:
У.Примов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (1)
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөЗакон · 15.07.2011 · № 101 · Күчүн жоготкон