Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР «2015-жылдын 11-августунда өткөрүлгөн Нарын облусунун Жумгал районунун Миң-Куш жана 21-августунда өткөрүлгөн Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Сумсар айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2015-жылдын 29-августу № 126 2015-жылдын 11-августунда өткөрүлгөн Нарын облусунун Жумгал районунун Миң-Куш жана 21-августунда өткөрүлгөн Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Сумсар айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2015-жылдын 23-июлундагы № 73 токтому менен дайындалган Нарын облусунун Жумгал районунун Миң-Куш айыл өкмөтүнүн башчысын 2015-жылдын 11-августунда өткөрүлгөн шайлоо боюнча Жумгал аймактык шайлоо комиссиясынан түшкөн добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорунун жана 2015-жылдын 3-августундагы № 103 токтому менен дайындалган Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Сумсар айыл өкмөтүнүн башчысын 2015-жылдын 21-августунда өткөрүлгөн шайлоо боюнча Чаткал аймактык шайлоо комиссиясынан түшкөн добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорунун негизинде, "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2015-жылдын 11-августунда болуп өткөн Нарын облусунун Жумгал районунун Миң-Куш айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.
1.1. Жумгал аймактык шайлоо комиссиясынын Миң-Куш айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилсин.
1.2. Нарын облусунун Жумгал районунун Миң-Куш айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы болуп Кожомуратов Ратбек Ташкенбаевич табылсын.
2. 2015-жылдын 21-августунда болуп өткөн Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Сумсар айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.
2.1. Чаткал аймактык шайлоо комиссиясынын Сумсар айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилсин.
2.2. Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Сумсар айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы болуп Рысбеков Айтыкул Сатарович табылсын.
3. Нарын облусунун Жумгал районунун Миң-Куш жана Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Сумсар айыл өкмөттөрүнүн шайланган башчыларына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөр берилсин.
4. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси П.П.Баженовго жүктөлсүн.
Төрага
Т. Абдраимов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (4)
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2015-жылдын 23-июлундагы № 73 "Чүй облусунун Токмок шаарынын мэрин кайра шайлоону, Нарын облусунун Жумгал…Постановление · 23.07.2015 · № 73
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2015-жылдын 3-августундагы № 103 "Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Сумсар айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону…Постановление · 03.08.2015 · № 103
- Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөЗакон · 30.06.2011 · № 62
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөЗакон · 15.07.2011 · № 101 · Күчүн жоготкон