# Ноокат шаардык кеңешинин IV чакырылышынын кезексиз VIII сессиясынын 2013-жылдын 11-ноябрындагы № VIII-1 (Эски-Ноокат айылдык кеңешин “Ноокат шаардык кеңеши”-мекемеси катары мамлекеттик кайра каттоодон өткөрүү жөнүндө.) токтому

- Толук аталышы: Ноокат шаардык кеңешинин IV чакырылышынын кезексиз VIII сессиясынын 2013-жылдын 11-ноябрындагы № VIII-1 (Эски-Ноокат айылдык кеңешин “Ноокат шаардык кеңеши”-мекемеси катары мамлекеттик кайра каттоодон өткөрүү жөнүндө.) токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: VIII-1
- Кабыл алынган күнү: 11.11.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.11.2013
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/206626>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-16996/edition/551950/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.11.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ноокат шаардык кеңешинин IV чакырылышынын кезексиз VIII сессиясынын 2013-жылдын 11-ноябрындагы № VIII-1 (Эски-Ноокат айылдык кеңешин “Ноокат шаардык кеңеши”-мекемеси катары мамлекеттик кайра каттоодон өткөрүү жөнүндө.) токтому (11.11.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/206626

---

НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Ноокат шаардык кеңешинин IV чакырылышынын кезексиз VIII сессиясы

2013-жылдын 11-ноябры № VIII-1 Эски-Ноокат айылдык кеңешин “Ноокат шаардык кеңеши”-мекемеси катары мамлекеттик кайра каттоодон өткөрүү жөнүндө. Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 08-сентябрындагы №214 мыйзамынын 6-беренесине жана “Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесине ылайык Ноокат шаардык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ: Мамлекеттик тилде: Эски Ноокат айылдык кеңешин “Ноокат шаардык кеңеши”-мекемеси деп аталышы өзгөртүлсүн. Расмий тилде: Учреждение-“Ноокатский городской кенеш”

1.”Ноокат шаардык кеңеши”-мекемесинин Жобосун жаны редакцияда бекитилсин.

2.”Ноокат шаардык кеңеши”-мекемесинин жайгашкан жери: Ош облусу, Ноокат району, Ноокат шаары, Мирмахмудов көчөсү, №20 үй.

3.”Ноокат шаардык кеңеши”-мекемесинин төрагасы бөлүп Гафаров Абдрахман Мамадумарович дайындалсын.

4.”Ноокат шаардык кеңеши”-мекемеси Ош облусунун жана Ош шаарынын Юстиция башкармалыгынан юридикалык жак катары мамлекеттик кайра каттоодон өткөрүлсүн.

5.Мамлекеттик кайра каттоодон өткөрүү жагы Ноокат шаардык мэриясынын юристи Ырысбаева Чынара Анваровнага жүктөлсүн.

Мамлекеттик кайра каттоо жөнүндө чечимде андагы көрсөтүлгөн маалыматтар, ошондой эле мамлекеттик кайра каттоо үчүн тапширилген документтердеги маалыматтардын анык экендиги жана мыйзамда белгиленген учурларда, юридикалык жакты кайра каттоо маселелери тиешелүү мамлекеттик жана (же) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашылгандыгы ырасталат.

Ноокат шаардык Кеӊешинин төрагасы

А.Гафаров
