Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Ноокат шаардык кеңешинин IV чакырылышынын кезексиз VIII сессиясынын (Эски-Ноокат айылдык кеңешин “Ноокат шаардык кеңеши”-мекемеси катары мамлекеттик кайра каттоодон өткөрүү жөнүндө.) токтому
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Ноокат шаардык кеңешинин IV чакырылышынын кезексиз VIII сессиясы
2013-жылдын 11-ноябры № VIII-1 Эски-Ноокат айылдык кеңешин “Ноокат шаардык кеңеши”-мекемеси катары мамлекеттик кайра каттоодон өткөрүү жөнүндө. Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 08-сентябрындагы №214 мыйзамынын 6-беренесине жана “Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесине ылайык Ноокат шаардык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ: Мамлекеттик тилде: Эски Ноокат айылдык кеңешин “Ноокат шаардык кеңеши”-мекемеси деп аталышы өзгөртүлсүн. Расмий тилде: Учреждение-“Ноокатский городской кенеш”
1.”Ноокат шаардык кеңеши”-мекемесинин Жобосун жаны редакцияда бекитилсин.
2.”Ноокат шаардык кеңеши”-мекемесинин жайгашкан жери: Ош облусу, Ноокат району, Ноокат шаары, Мирмахмудов көчөсү, №20 үй.
3.”Ноокат шаардык кеңеши”-мекемесинин төрагасы бөлүп Гафаров Абдрахман Мамадумарович дайындалсын.
4.”Ноокат шаардык кеңеши”-мекемеси Ош облусунун жана Ош шаарынын Юстиция башкармалыгынан юридикалык жак катары мамлекеттик кайра каттоодон өткөрүлсүн.
5.Мамлекеттик кайра каттоодон өткөрүү жагы Ноокат шаардык мэриясынын юристи Ырысбаева Чынара Анваровнага жүктөлсүн.
Мамлекеттик кайра каттоо жөнүндө чечимде андагы көрсөтүлгөн маалыматтар, ошондой эле мамлекеттик кайра каттоо үчүн тапширилген документтердеги маалыматтардын анык экендиги жана мыйзамда белгиленген учурларда, юридикалык жакты кайра каттоо маселелери тиешелүү мамлекеттик жана (же) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашылгандыгы ырасталат.
Ноокат шаардык Кеӊешинин төрагасы
А.Гафаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (1)
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Юридикалык жактарды,филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндөЗакон · 20.02.2009 · № 57 · Күчүн жоготкон