Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Депутаттардын Ноокат шаардык Кеңешинин төрагасынын (Депутаттардын Ноокат шаардык кеңешинин (IV – шайланган) кезексиз III сессиясынын заседаниесинин Ноокат шаарынын аймагындагы Ноокат РС ОСТО мекемесине Кыргыз Республикасынын армиясында көп жылдар бою эмгек сиңирип келе жаткан генерал-майор Султанов Шерикбай Ганыевичтин атын коюу жөнүндөгү № III-4 токтомун күнүн, айын, жылын өзгөртүп кайрадан берүү жөнүндө.) токтому
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ
2014-жылы 26-февралы № X-10 Депутаттардын Ноокат шаардык кеңешинин (IV – шайланган) кезексиз III сессиясынын заседаниесинин 2013-жыл 20-июндагы Ноокат шаарынын аймагындагы Ноокат РС ОСТО мекемесине Кыргыз Республикасынын армиясында көп жылдар бою эмгек сиңирип келе жаткан генерал-майор Султанов Шерикбай Ганыевичтин атын коюу жөнүндөгү № III-4 токтомун күнүн, айын, жылын өзгөртүп кайрадан берүү жөнүндө. Ноокат шаарынын аймагындагы Ноокат РС ОСТО мекемесине Кыргыз Республикасынын армиясында көп жылдар бою эмгек сиңирип келе жаткан генерал-майор Султанов Шерикбай Ганыевичтин атын коюу боюнча Ноокат РС ОСТО (СТКУ) жамаатынын 2012-жылдын 29-октябрындагы №2 протоколун карап чыгып жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар” жөнүндөгү Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндөгү 2008-жылдын 21-июлундагы №159 Мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы №467-токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасындагы географиялык обьекттердин атын атоо, атын өзгөртүү, географиялык аталыштарды эсепке жана каттоого алуунун тартиби жөнүндөгү” жобонун негизинде депутаттардын Ноокат шаардык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ноокат шаарынын аймагындагы Ноокат РС ОСТО (СТКУ) мекемесине Кыргыз Республикасынын армиясында көп жылдар эмгек сиңирип келе жаткан генерал-майор Султанов Шерикбай Ганыевичтин атын коюу боюнча Ноокат РС ОСТО (СТКУ) жамаатынын 2012-жылдын 29-октябрындагы №2 протоколу канааттандырылсын жана Ноокат шаарынын аймагындагы Ноокат РС ОСТО (СТКУ) мекемесине Кыргыз Республикасынын армиясында көп жылдар бою эмгек сиңирип келе жаткан генерал-майор Султанов Шерикбай Ганыевичтин аты коюлсун.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Депутаттардын Ноокат шаардык кенешинин алдындагы мыйзамдуулукту сактоо, депутаттык этика, коомдук уюмдар, дин иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Депутаттардын Ноокат шаардык Кеңешинин төрагасы:
А.Гафаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуЗакон · 21.07.2008 · № 159
- КР Өкмөтүнүн токтому 2008-жылдын 19-августу № 467 (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Администрациялык-аймактык түзүлүштүн маселелерин жана географиялык аталыштарын кароо…Постановление · 19.08.2008 · № 467 · Күчүн жоготкон