# Ат-Башы айылдык кеңешинин 2013-жылдын 30-декабрындагы № 8-1 (Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо жөнүндө) токтому

- Толук аталышы: Ат-Башы айылдык кеңешинин 2013-жылдын 30-декабрындагы № 8-1 (Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо жөнүндө) токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 8-1
- Кабыл алынган күнү: 30.12.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 30.12.2013
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/206588>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-16960/edition/596995/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.12.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ат-Башы айылдык кеңешинин 2013-жылдын 30-декабрындагы № 8-1 (Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо жөнүндө) токтому (30.12.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/206588

---

АТ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШ ТОКТОМ

Ат-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын

кезексиз VIII сессиясы

2013-жылы 30-декабры № 8-1 Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын 2013-жылдын 18-декабрындагы №182 токтому менен дайындалган Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоонун жыйынтыгынын негизинде Ат-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Чоробеков Кубанычбек Чоробекович Ат-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңешинин көпчүлүк депутаттарынын добушу менен Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлансын;

2.Чоробеков Кубанычбек Чоробековичке белгиленген үлгүдөгү ырастаманы тапшыруу жагы Ат-Башы аймактык шайлоо комиссиясынан суралсын;

3.Бул токтом «Ат-Башы жаңылыктары» газетасына жарыялансын;

4.Бул токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы Ат-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңешинин катчысы Т. Иманбердиевага тапшырылсын.

Ат-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын төрагасы:

К.Абдылдаев
