Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Ош шаардык Кенешинин (III чакырылыш) (Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин Президиумунун курамын бекитүү жөнүндө) токтому
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ
ДЕПУТАТТАРДЫН ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКТЕГИ XVI СЕССИЯСЫ
(III чакырылыш)
2014-жылы 27-марты № 169 Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин Президиумунун курамын бекитүү жөнүндө
Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин Регламентинин 2.1. пунктуна ылайык депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин Президиумунун курамын бекитүү жөнүндөгү маселени карап жана талкуулап, ошондой эле сессияда чыгып сүйлөгөн депутаттардын ой-пикирлерин, сунуштарын эске алуу менен, депутаттардын Ош шаардык Кеңеши Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1.Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин Президиумунун курамы тиркемеге ылайык бекитилсин (тиркелет).
2.Президиумдун мүчөсү президиумдун курамынан чыгып кеткен учурда анын милдеттери ордуна жаңы дайындалган адамга өтөөрү белгиленсин.
3.Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (М.Сапаралиев) жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын (К.Жамалов).
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин төрагасы:
У.Примов
Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин 2013-жылдын 27-мартындагы кезектеги XVII сессиясынын №169 -токтомуна тиркеме
Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин Президиумунун
К У Р А М Ы
Президиумдун төрагасы:
1.Примов У.Б.- депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин төрагасы;
Президиумдун мүчөлөрү:
2.Каналиев Б.Э.- депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин төрагасынын орун басары;
3.Рысбаев Р.Р.- депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин төрагасынын орун басары;
4.Эргешов Б.А. - бюджет, экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиянын төрагасы;
5.Мирзаматов Р.М. - мыйзамдуулук, укук-тартип, депутаттык этика, регламент, мандат жана дин маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиянын төрагасы;
6.Эсенбаева Г.Б. - социалдык-маданий өнүктүрүү жана жаштар саясаты маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиянын төрайымы;
7._________________- жергиликтүү өз алдынча башкаруу, инвестиция, ишкердүүлүк, тышкы экономикалык байланыш, кичи жана орто бизнести колдоо жана миграция маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын төрагасы
8.Аланов А.А. - «Республика» партиясынан;
9.Нурбаев А.М. - «Адилеттүү Кыргызстан» партиясынан;
10.Сыдыков А.М. - «Ата-Мекен» партиясынан;
11.Пазылов К.А. - НДПК партиясынан;
12.Мамбетов К.А. - «Замандаш-Современник» партиясынан;
13.Турдуев Р.А. - СДПК партиясынан;
Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин аппарат жетекчмсинин Милдетин аткаруучу:
М.Жолдошева
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 0 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Ош шаардык кеңешинин 2012-жылдын 13-апрелиндеги № 5 "Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин Регламентин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 13.04.2012 · № 5