Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Ош шаардык Кенешинин (Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин туруктуу депутаттык комиссияларынын курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө) токтому
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ
ДЕПУТАТТАРДЫН ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКТЕГИ ХVI СЕССИЯСЫ
(III ЧАКЫРЫЛЫШ)
2014-жылы 27-марты № 168
Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин туруктуу депутаттык комиссияларынын курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» мыйзамынын 32-беренесине жана Кыргыз Республикасынын «Ош шаарынын статусу жөнүндө» мыйзамынын 13-беренесине ылайык депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин депутаттарынын курамы өзгөргөндүгүнө байланыштуу жана сессиянын жүрүшүндө айтылган депутаттардын ой-пикирлерин, сунуштарын эске алып, депутаттардын Ош шаардык Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ишматов Х. депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин өнөр-жай, байланыш, транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекс жана муниципалдык чарба меселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиянын курамынан,
Сабирова Н. жергиликтүү өз алдынча башкаруу, инвестиция, ишкердүүлүк, тышкы экономикалык байланыш, кичи жана орто бизнести колдоо жана миграция маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиянын курамынан, Примов У. бюджет, экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиянын курамынан чыгарылсын.
2.Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (М.Сапаралиев) жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын (К.Жамалов).
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин мыйзамдуулук, укук-тартип, депутаттык этика, регламент, мандат жана дин маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Р.Мирзаматов) жүктөлсүн.
Депутаттардын Ош шаардык Кеңештин төрагасы:
У.Примов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Ош шаарынын статусу жөнүндөЗакон · 12.12.2013 · № 219
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөЗакон · 15.07.2011 · № 101 · Күчүн жоготкон