# КР Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 23-декабрындагы № 52/6 ""Депозиттерди тартпаган МФУлардын ишине инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү" жөнүндө нускоону бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 23-декабрындагы № 52/6 ""Депозиттерди тартпаган МФУлардын ишине инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү" жөнүндө нускоону бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 52/6
- Кабыл алынган күнү: 23.12.2013
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 17.08.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/206489>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/8-82/edition/1184574/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/206489.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.08.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 23-декабрындагы № 52/6 ""Депозиттерди тартпаган МФУлардын ишине инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү" жөнүндө нускоону бекитүү тууралуу" токтому (17.08.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/206489

---

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 17-августундагы № 2022-П-33/52-2-(НФКУ) токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ ТОКТОМ 2013-жылдын 23-декабры № 52/6 "Депозиттерди тартпаган МФУлардын жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банктын көзөмөлдүгүнө алынган башка юридикалык жактардын ишине инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү жөнүндө" жөнүндө нускоону бекитүү тууралуу (КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 28-сентябрындагы № 40/6, 2017-жылдын 31-майындагы № 21/8, 2018-жылдын 20-июнундагы № 2018-П-12/24-2-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык) Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Мыйзамынын 7- жана 43-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Депозиттерди тартпаган МФУлардын жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банктын көзөмөлдүгүнө алынган башка юридикалык жактардын ишине инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү жөнүндө" жөнүндө нускоо (кошо тиркелет) бекитсин.

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 28-сентябрындагы № 40/6, 2017-жылдын 31-майындагы № 21/8 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

2. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 20-июнундагы № 2018-П-12/24-2-(НПА) токтомуна ылайык күчүн жоготту)

3. Юридика башкармалыгы:

- Бул токтомдун Кыргыз Республикасынын Улуттук банктын расмий сайтында жарыяланышын камсыз кылсын;

- расмий жарыялангандан кийин бул токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине жөнөтсүн.

4. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы ушул токтом менен Улуттук банктын областтык башкармалыктарын, Баткен областындагы өкүлчүлүгүн, Микрофинансылык уюмдар ассоциациясын жана депозиттерди тартпаган микрофинансылык уюмдарды тааныштырсын.

5. Токтом расмий жарыялангандан он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

6. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары З.Л.Чокоев мырзага жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк башкармалыгынын төрагасы

З. Асанкожоева
