Ош шаардык Кеңешинин «Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин 2013-жылдын 28-мартындагы №102-Ош шаарынын Төлөйкөн айылынын «Жибекчи» көчөсүнүн атын өзгөртүү жөнүндө токтомун жокко чыгаруу жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ ДЕПУТАТТАРДЫН ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКСИЗ XV СЕССИЯСЫ
(III ЧАКЫРЫЛЫШ)
2014-жылдын 5-февралы № 153 Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин 2013-жылдын 28-мартындагы №102-Ош шаарынын Төлөйкөн айылынын «Жибекчи» көчөсүнүн атын өзгөртүү жөнүндө токтомун жокко чыгаруу жөнүндө
Ош шаарынын Төлөйкөн айылынын “Жибекчи” көчөсүнүн тургундарынын көчөнүн атын Жибекчи бойдон калтырып берүү жөнүндөгү кайрылуу катын карап жана талкуулап чыгып, көчөнүн атын өзгөртүүдө депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин 2007-жылдын 15-майындагы №230-токтому менен бекитилген, Ош шаарындагы географиялык жана мамлекеттик маанидеги обөекттердин аталыштарын өзгөртүү боюнча Жобонун 4-жана 8-пункттарынын талаптары бузулгандыгын, ошондой эле сессияда чыгып сүйлөгөн депутаттардын ой-пикирлерин эске алып, депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин 2013-жылдын 28-мартындагы №102 –Ош шаарынын Төлөйкөн айылынын «Жибекчи» көчөсүнүн атын өзгөртүү жөнүндөгү токтому жокко чыгарылсын.
2. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (М.Сапаралиев) жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын (Б.Матисаков).
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (К.Пазилов) жүктөлсүн.
Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин төрагасы:
У.Примов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Ош шаардык кеңешинин 2013-жылдын 28-мартындагы №102 "Ош шаарынын Төлөйкөн айылындагы «Жибекчи» көчөсүнүн атын өзгөртүү жөнүндө" токтомуПостановление · 28.03.2013 · № 102
- Ош шаардык кеңешинин 2007-жылдын 15-майындагы № 230 "Ош шаарындагы географиялык жана мамлекеттик маанидеги объекттердин аталыштарын өзгөртүү жөнүндө Жобонун жаңы редакциясын…Постановление · 15.05.2007 · № 230