# Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин 2013–жылдын 20–декабрындагы №13/41 "Кызыл–Кыя шаарынын аймагында 2014–жылга жер салыктарын жана мүлккө салыктардын 1,2,3 топторун киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин 2013–жылдын 20–декабрындагы №13/41 "Кызыл–Кыя шаарынын аймагында 2014–жылга жер салыктарын жана мүлккө салыктардын 1,2,3 топторун киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 13/37
- Кабыл алынган күнү: 20.12.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 20.12.2013
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/206472>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-16852/edition/495541/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/206472.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.12.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин 2013–жылдын 20–декабрындагы №13/41 "Кызыл–Кыя шаарынын аймагында 2014–жылга жер салыктарын жана мүлккө салыктардын 1,2,3 топторун киргизүү жөнүндө" токтому (20.12.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/206472

---

КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ 2013–жылдын 20–декабры №13/41 Кызыл–Кыя шаарынын аймагында 2014–жылга жер салыктарын жана мүлккө салыктардын 1,2,3 топторун киргизүү жөнүндө Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2011–жылдын 15–июлундагы №101 Мыйзамынын 31–беренесине, “Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2008–жылдын 17–октябрындагы №231 Мыйзамынын 3–беренесине жана Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 3–беренесинин 3–пунктуна негиз, шаардык кеңештин бюджет, финансы жана фискалдык саясат боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин, Мамлекеттик салык кызматынын Кызыл–Кыя шаары боюнча башкармалыгынын 2013–жылдын 2–августундагы №031/074/516 катын эске алып, Кызыл–Кыя шарынын аймагында 2014–жылга жер салыктарын жана мүлккө салыктарды сапаттуу чогултууну камсыз кылуу максатында, Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кызыл–Кыя шаарынын аймагында 2014–жылга жер салыктары жана мүлккө салыктардын 1,2.3 топтору киргизилсин.

2. Милдеттендирилсин Кыргыз Республикасынын мамлекеттик салык кызматынын Кызыл–Кыя шаары боюнча башкармалыгына Кызыл–Кыя шаарынын аймагында 2014–жылга жер салыктарын жана мүлккө салыктарды толук жана сапаттуу чогултуу жагы.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин бюджет, финансы жана жана фискалдык саясат боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин төрагасы

А. Маткалыков
