# Кеңеш айылдык кеӊешинин 2013-жылдын 15-апрелиндеги № 5-1 "Кеңеш айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кеңеш айылдык кеӊешинин 2013-жылдын 15-апрелиндеги № 5-1 "Кеңеш айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 5-1
- Кабыл алынган күнү: 15.04.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 15.04.2013
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/206398>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-16778/edition/488426/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.04.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кеңеш айылдык кеӊешинин 2013-жылдын 15-апрелиндеги № 5-1 "Кеңеш айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо жөнүндө" токтому (15.04.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/206398

---

КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Кеңеш айылдык округунун кеңешинин (5-чакырылышы) кезектеги сессиясы

2013-жылдын 15-апрели № 5-1 Кеңеш айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо жөнүндө Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамы жана Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо жана Референдумдарды өткөрүү боюнча комиссиясынын 2011-жылдын 12-августундагы № 105-токтому менен бекитилген «Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндөгү жобонун 36-пунктуна ылайык депутаттардын Кеңеш айылдык округунун айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кеңеш айылдык аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысынын кызмат ордуна жыйырма бир депутаттын ичинен 20 добуш алган талапкер Кудайбердиев Калмамат Тайирович Кеңеш айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлансын деген эсептөө комиссиясынын 2013-жылдын 15-апрелиндеги протоколу бекитилсин

Кеңеш айылдык кеӊешинин төрагасы

М.А. Ташбаев
