Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын «2015-жылдын 29-июлундагы өткөн Чүй облусунун Токмок шаарынын мэрин кайра шайлоонун жыйынтыктары жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2015-жылдын 31-июлу № 99 2015-жылдын 29-июлундагы өткөн Чүй облусунун Токмок шаарынын мэрин кайра шайлоонун жыйынтыктары жөнүндө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2015-жылдын 23-июлундагы № 73 токтому менен дайындалган Чүй облусунун Токмок шаарынын мэрин кайра шайлоодо Токмок шаардык кеңешинин депутаттарынын жалпы санынын 3/2си катышпагандыгына байланыштуу шайлоо болбой калган. Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону бирге өткөрүүгө техникалык жактан мүмкүнчүлүктөр болбогондугуна байланыштуу, "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7-беренелерине, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 43-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентине, Чүй облусунун Токмок шаардык кеңешинин депутаттарын таркатуу боюнча сунушту киргизүү, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо аяктаганга чейин калтырылсын.
2. Чүй облусунун Токмок шаарынын мэринин милдетин аткаруучуну дайындоо маселесин чечүү боюнча кат Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине жөнөтүлсүн.
3. Бул токтом "Эркин-Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчиси П.П.Баженовго жүктөлсүн.
Төрага
Т. Абдраимов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөЗакон · 30.06.2011 · № 62
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2015-жылдын 23-июлундагы № 73 "Чүй облусунун Токмок шаарынын мэрин кайра шайлоону, Нарын облусунун Жумгал…Постановление · 23.07.2015 · № 73
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөЗакон · 15.07.2011 · № 101 · Күчүн жоготкон