Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын атайын өкүлү жөнүндө» Жобого толуктоолорду киргизүү тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2015-жылдын 28-июлу № 97 "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын атайын өкүлү жөнүндө" Жобого толуктоолорду киргизүү тууралуу "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна, 9-беренесинин 3, 4-бөлүктөрүнө ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 14-июлундагы № 23 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын атайын өкүлү жөнүндө" жобого төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин.
1) II бөлүмдүн 2.1-пункту төмөнкү мазмундагы он биринчи абзац менен толукталсын.
"Аймактык шайлоо комиссиясынын төрагалары шайлоону, референдумду даярдоого жана өткөрүүгө бөлүнгөн акча каражаттарды участкалык шайлоо комиссияларынын ортосунда бөлүштүрүү маселелерди тийешелүү аймактардагы атайын өкүлдөр менен макулдашат, ошондой эле чыгымдардын бекитилген сметасын аймактык шайлоо комиссиясында илинишин камсыз кылат;";
2) III бөлүктүн 3.1-пункту төмөнкүдөй мазмундагы жетинчи абзац менен толукталсын:
"республикалык бюджеттен шайлоо жана референдум өткөрүүгө бөлүнгөн каражаттарды максатсыз чыгымдалышы үчүн аймактык шайлоо комиссиясы менен бирге, өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде жоопкерчиликти тартат.".
2. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Т.Шайымкуловага жүктөлсүн.
Төрага
Т. Абдраимов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум откоруу боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 14-июлундагы № 23 "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча…Постановление · 14.07.2011 · № 23
- Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөЗакон · 30.06.2011 · № 62