# КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2015-жылдын 28-июлундагы № 95 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө саясий партиялардын шайлоо фондусун түзүү, акча каражаттарынын келип түшүшүн жана чыгымдалышын эсепке алуу тартиби жөнүндө”Нускаманы бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2015-жылдын 28-июлундагы № 95 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө саясий партиялардын шайлоо фондусун түзүү, акча каражаттарынын келип түшүшүн жана чыгымдалышын эсепке алуу тартиби жөнүндө”Нускаманы бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 95
- Кабыл алынган күнү: 28.07.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2015
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/20631>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-1613/edition/713927/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/20631.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2015-жылдын 28-июлундагы № 95 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө саясий партиялардын шайлоо фондусун түзүү, акча каражаттарынын келип түшүшүн жана чыгымдалышын эсепке алуу тартиби жөнүндө”Нускаманы бекитүү тууралуу" токтому (28.07.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/20631

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ

2015-жылдын 28-июлу № 95 Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө саясий партиялардын шайлоо фондусун түзүү, акча каражаттарынын келип түшүшүн жана чыгымдалышын эсепке алуу тартиби жөнүндө”Нускаманы бекитүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө саясий партиялардын шайлоо фондусун түзүү, акча каражаттарынын келип түшүшүн жана чыгымдалышын эсепке алуу, саясий партиялардын атайын шайлоо эсептерин ачуу жана жүргүзүү тартибин жөнгө салуу максатында, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 41-беренесин, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Мыйзамынын 7-беренесинин 1–бөлүгүнүн 2-пунктун жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө, саясий партиялардын шайлоо фондусун түзүү, акча каражаттарынын келип түшүшүн жана чыгымдалышын эсепке алуу тартиби жөнүндө” Нускама бекитилсин (тиркелет).

2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төмөнкү токтомдору күчүн жоготту деп табылсын:

-“Саясий партиялардын шайлоо фондусун түзүү, акча каражаттарынын келип түшүшүн жана чыгымдалышын эсепке алуу тартиби жөнүндөгү” Нускаманы бекитүү жөнүндөгү” 2010-жылдын 17-августундагы № 163 токтому; -“Саясий партиялардын шайлоо фондусун түзүү, акча каражаттарынын келип түшүшүн жана чыгымдалышын эсепке алуу тартиби жөнүндөгү” Нускамага өзгөртүүлөрдү жана кошумчаларды киргизүү жөнүндөгү 2010-жылдын 23-августундагы № 272 токтому; -“Саясий партиялардын, талапкерлердин шайлоо фондуларын түзүү, акча каражаттарынын келип түшүшүн жана чыгымдалышын эсепке алуу тартиби жөнүндөгү” Нускамасын бекитүү жөнүндөгү 2007- жылдын 25-октябрындагы № 91 токтому.

3. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Контролдук-текшерүү тобунун жетекчиси Г.М.Баатыровага жүктөлсүн.

Төрага

Т. Абдраимов
