Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө саясий партиялардын шайлоо фондусун түзүү, акча каражаттарынын келип түшүшүн жана чыгымдалышын эсепке алуу тартиби жөнүндө”Нускаманы бекитүү тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ
2015-жылдын 28-июлу № 95 Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө саясий партиялардын шайлоо фондусун түзүү, акча каражаттарынын келип түшүшүн жана чыгымдалышын эсепке алуу тартиби жөнүндө”Нускаманы бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө саясий партиялардын шайлоо фондусун түзүү, акча каражаттарынын келип түшүшүн жана чыгымдалышын эсепке алуу, саясий партиялардын атайын шайлоо эсептерин ачуу жана жүргүзүү тартибин жөнгө салуу максатында, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 41-беренесин, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Мыйзамынын 7-беренесинин 1–бөлүгүнүн 2-пунктун жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө, саясий партиялардын шайлоо фондусун түзүү, акча каражаттарынын келип түшүшүн жана чыгымдалышын эсепке алуу тартиби жөнүндө” Нускама бекитилсин (тиркелет).
2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төмөнкү токтомдору күчүн жоготту деп табылсын:
-“Саясий партиялардын шайлоо фондусун түзүү, акча каражаттарынын келип түшүшүн жана чыгымдалышын эсепке алуу тартиби жөнүндөгү” Нускаманы бекитүү жөнүндөгү” 2010-жылдын 17-августундагы № 163 токтому; -“Саясий партиялардын шайлоо фондусун түзүү, акча каражаттарынын келип түшүшүн жана чыгымдалышын эсепке алуу тартиби жөнүндөгү” Нускамага өзгөртүүлөрдү жана кошумчаларды киргизүү жөнүндөгү 2010-жылдын 23-августундагы № 272 токтому; -“Саясий партиялардын, талапкерлердин шайлоо фондуларын түзүү, акча каражаттарынын келип түшүшүн жана чыгымдалышын эсепке алуу тартиби жөнүндөгү” Нускамасын бекитүү жөнүндөгү 2007- жылдын 25-октябрындагы № 91 токтому.
3. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Контролдук-текшерүү тобунун жетекчиси Г.М.Баатыровага жүктөлсүн.
Төрага
Т. Абдраимов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (4)
- ИНСТРУКЦИЯ о порядке формирования, учета поступления и расходования денежных средств избирательного фонда политической партии при проведении выборов депутатов Жогорку Кенеша…Положение · 28.07.2015 · № 95
- КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 25-майындагы № 20/8 "Улуттук банк Башкармасынын 2007-жылдын 21-декабрындагы № 55/3 "Коммерциялык банктарды жана финансы-кредит…Постановление · 25.05.2016 · № 20/8
- КР шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2010-жылдын 17-августундагы № 163 "Саясый партиялардын шайлоо фонддорунун акча каражаттарын түзүүнүн, алардын…Постановление · 17.08.2010 · № 163 · Күчүн жоготкон
- КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2010-жылдын 23-августундагы № 172 "Саясий партиялардын шайлоо фонддорунун акча каражаттарын түзүүнүн, алардын…Постановление · 23.08.2010 · № 172 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 2-июлундагы № 68 "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Конституциялык…Конституционный Закон · 02.07.2011 · № 68
- Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөЗакон · 30.06.2011 · № 62
- КР шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2010-жылдын 17-августундагы № 163 "Саясый партиялардын шайлоо фонддорунун акча каражаттарын түзүүнүн, алардын…Постановление · 17.08.2010 · № 163 · Күчүн жоготкон