Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо бюллетенине киргизүүнүн кезектүүлүгүн аныктоо боюнча катталган саясий партиялардын ортосунда чүчүкулак өткөрүүнүн тартиби жөнүндө Нускама (Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын токтому менен бекитилген)
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Центральной комиссии по выборам и проведению референдумов КР от 28 июля 2025 года № 45 "Об утверждении Инструкции о порядке проведения жеребьевки между зарегистрированными кандидатами в депутаты Жогорку Кенеша Кыргызской Республики по определению очередности включения в избирательный бюллетень"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2025-07-28.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 28-июлундагы № 45 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2015-жылдын 28-июлундагы № 92 токтому менен бекитилген
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо бюллетенине киргизүүнүн кезектүүлүгүн аныктоо боюнча катталган саясий партиялардын ортосунда чүчүкулак өткөрүүнүн тартиби жөнүндө Нускама
1. Ушул Нускама Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо бюллетенине киргизүүнүн кезектүүлүгүн аныктоо боюнча катталган саясий партиялардын ортосунда чүчүкулак өткөрүүнүн тартибин жөнгө салат.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо саясий партиялардын ортосундагы чүчүкулакты Борбордук шайлоо комиссиясы өткөрөт.
2. Шайлоо бюллетенине киргизүүнүн кезектүүлүгүн аныктоо боюнча катталган саясий партиялардын ортосундагы чүчүкулак каттоо мөөнөттөрү аяктагандан кийин жана шайлоо бюллетенинин текстин бекиткенге чейин жүргүзүлөт.
3. Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы (мындан ары – Борбордук шайлоо комиссиясы) чүчүкулак өткөрүүнүн датасын жана убактысын аныктайт.
4. Борбордук шайлоо комиссиясы чүчүкулак өткөрүүнүн датасы, убактысы жана орду жөнүндө катталган саясий партияларга маалымдайт.
5. Катталган саясий партияларды шайлоо бюллетенине киргизүүнүн кезектүүлүгүн аныктоо боюнча чүчүкулакка төмөнкүлөр катышат:
-алардын ыйгарым укуктары тиешелүү документтер менен ырасталган катталган саясий партиялардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү (Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан берилген саясий партиянын ыйгарым укуктуу өкүлүнүн каттоо күбөлүгү жана инсандыгын ырастоочу документ); -Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү; -жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү.
6. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо жайды, барабанды, лотторду, башка зарыл атрибуттарды, ошондой эле чүчүкулактын протоколун даярдоо Борбордук шайлоо комиссиясынын аппаратына жүктөлөт.
7. Чүчүкулак төмөнкүдөй тартипте жүргүзүлөт:
-лототрон орнотулат, анда номерлери менен шарик түрүндөгү лоттор жайгаштырылат. Лоттордун саны катталган саясий партиялардын санына дал келүүгө тийиш. Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү залда катышып отургандардын ичинен бир адамды чакырат, ал алдын ала бардык катышуучуларга көрсөтүп, номерлери менен шариктерди лототронго салат; -андан кийин талапкерлердин тизмелерин каттоо тартибинде саясий партиялардын өкүлдөрү чакырылат жана барабан тегеретилет. Саясий партиянын өкүлү лотту алып чыгат жана алып чыккан лотту бардык катышуучуларга көрсөтүп, номерин жарыялайт.
8. Саясий партиянын өкүлү келбеген учурда жок болгондун ордуна залда катышып отургандардын ичинен көз карандысыз адамды (жалпыга маалымдоо каражаттарынын, коомдук бирикмелердин өкүлүн жана башка) чүчүкулак процессине катышуу үчүн чакырууга болот.
9. Чүчүкулактын натыйжалары бардык катышуучуларга жарыяланат.
10. Өткөрүлгөн чүчүкулактын натыйжалары боюнча протокол толтурулат. Протоколдун тиешелүү графаларына чүчүкулакка катышкан саясий партиянын ыйгарым укуктуу өкүлүнүн фамилиясы, аты, атасынын аты жазылат жана анын колу коюлат.
Протокол Борбордук шайлоо комиссиясынын чүчүкулакка катышкан бардык мүчөлөрү тарабынан кол коюлат.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 28-июлундагы № 45 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына…Постановление · 28.07.2025 · № 45
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2015-жылдын 28-июлундагы № 92 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо…Постановление · 28.07.2015 · № 92 · Күчүн жоготкон