# Талас шаардык Кенешинин Төрагасынын 2014-жылы 20-февралындагы № 93/10-6 (Элдик нан” муниципалдык ишканасын №5 орто мектептин базасында жайгаштырууга макулдук берүү жөнүндө) токтому

- Толук аталышы: Талас шаардык Кенешинин Төрагасынын 2014-жылы 20-февралындагы № 93/10-6 (Элдик нан” муниципалдык ишканасын №5 орто мектептин базасында жайгаштырууга макулдук берүү жөнүндө) токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 93/10-6
- Кабыл алынган күнү: 20.02.2014
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 20.02.2014
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/206244>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-16624/edition/769005/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.02.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Талас шаардык Кенешинин Төрагасынын 2014-жылы 20-февралындагы № 93/10-6 (Элдик нан” муниципалдык ишканасын №5 орто мектептин базасында жайгаштырууга макулдук берүү жөнүндө) токтому (20.02.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/206244

---

Талас шаардык кеңешинин 2016-жылдын 11-ноябрындагы № 298/39-6 токтомуна ылайык күчүн жоготту

ТАЛАС ШААРДЫК КЕҢЕШ ТОКТОМ

2014-жылы 20-февралы № 93/10-6 “Элдик нан” муниципалдык ишканасын №5 орто мектептин базасында жайгаштырууга макулдук берүү жөнүндө” Талас шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруусу мэриясынын 2014-жылдын 11-февралындагы №01-1/160 сандуу катынын негизинде Талас шаардык кеңешинин “Өнөр жай, коммуналдык чарба, транспорт, курулуш, ишкерликти өнүктүрүү, электр жана байланыш иштери” боюнча туруктуу комиссиясынын №9 Протоколуна ылайык, Депутаттардын Талас шаардык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2011-жылы Түркия мамлекетинен инвестиция аркылуу келген нан бышыруу жабдууларын Талас шаардык “Элдик нан” муниципалдык ишканасы катары №5 орто мектептин базасында жайгаштырууга макулдук берилсин.

2. Кабыл алынган токтом шаардык “Жаңы Багыт” газетасына жарыялангандан кийин Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүлсүн.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Талас шаардык кеңешинин “Өнөр жай, коммуналдык чарба, транспорт, курулуш, ишкерликти өнүктүрүү, электр жана байланыш иштери” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына (Н. Осмонов) тапшырылсын.

Төрага:

А. Джузупбеков
