Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Талас шаардык Кенешинин Төрагасынын (Элдик нан” муниципалдык ишканасын №5 орто мектептин базасында жайгаштырууга макулдук берүү жөнүндө) токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Талас шаардык кеңешинин 2016-жылдын 11-ноябрындагы № 298 /39-6 "Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин 2014-жылдын 20-февралындагы № 93 /10-6 сандуу “Элдик нан муниципалдык ишканасын № 5 мектептин базасында жайгаштырууга макулдук берүү жөнүндө” токтомун жокко чыгаруу жөнүндө" токтому» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2014-02-20.
Талас шаардык кеңешинин 2016-жылдын 11-ноябрындагы № 298/39-6 токтомуна ылайык күчүн жоготту
ТАЛАС ШААРДЫК КЕҢЕШ ТОКТОМ
2014-жылы 20-февралы № 93/10-6 “Элдик нан” муниципалдык ишканасын №5 орто мектептин базасында жайгаштырууга макулдук берүү жөнүндө” Талас шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруусу мэриясынын 2014-жылдын 11-февралындагы №01-1/160 сандуу катынын негизинде Талас шаардык кеңешинин “Өнөр жай, коммуналдык чарба, транспорт, курулуш, ишкерликти өнүктүрүү, электр жана байланыш иштери” боюнча туруктуу комиссиясынын №9 Протоколуна ылайык, Депутаттардын Талас шаардык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2011-жылы Түркия мамлекетинен инвестиция аркылуу келген нан бышыруу жабдууларын Талас шаардык “Элдик нан” муниципалдык ишканасы катары №5 орто мектептин базасында жайгаштырууга макулдук берилсин.
2. Кабыл алынган токтом шаардык “Жаңы Багыт” газетасына жарыялангандан кийин Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Талас шаардык кеңешинин “Өнөр жай, коммуналдык чарба, транспорт, курулуш, ишкерликти өнүктүрүү, электр жана байланыш иштери” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына (Н. Осмонов) тапшырылсын.
Төрага:
А. Джузупбеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.