Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө чыгымдардын сметасын бекитүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2015-жылдын 28-июлу № 79 Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө чыгымдардын сметасын бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө" 2015-жылдын 25-июлундагы № 157 Жарлыгына ылайык, "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 40-беренесин, "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесиндеги 1-бөлүктүн 2, 11, 12-пункттарын, 25-беренесиндеги 2, 3, 6, 7, 15-бөлүктөрүн жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2015-жылдын 4-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө каралган чыгымдардын сметасы 224439100 (эки жүз жыйырма төрт миллион төрт жүз отуз тогуз миң бир жүз) сом өлчөмүндө бекитилсин (тиркелет).
2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын финансылык жана материалдык-техникалык камсыздоо башкармалыгы каржылоону бекитилген сметага ылайык жүргүзсүн.
3. Бул токтом "Эркин-Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоону өзүмө калтырам.
Төрага
Т. Абдраимов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 2-июлундагы № 68 "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Конституциялык…Конституционный Закон · 02.07.2011 · № 68
- Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөЗакон · 30.06.2011 · № 62
- КР Президентинин 2015-жылдын 25-июлундагы ПЖ № 157 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 25.07.2015 · № 157 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.