# Кочкор-Ата шаардык кеңешинин 2013-жылдын 2-декабрындагы № 01-01/60 "Т.Азизовдун маалыматы жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кочкор-Ата шаардык кеңешинин 2013-жылдын 2-декабрындагы № 01-01/60 "Т.Азизовдун маалыматы жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 01-01/60
- Кабыл алынган күнү: 03.12.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.12.2013
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/206056>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-16437/edition/486318/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.12.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кочкор-Ата шаардык кеңешинин 2013-жылдын 2-декабрындагы № 01-01/60 "Т.Азизовдун маалыматы жөнүндө" токтому (03.12.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/206056

---

КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ 2013-жылдын 2-декабры № 01-01/60

Т.Азизовдун маалыматы жөнүндө

Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезектеги XII сессиясы, Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин «финансы, экономика, бюджет жана салык маселелери боюнча» туруктуу комиссиясынын маалыматын угуп жана талкуулап ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин «Бюджет, салык, финансы жана экономика маселелери боюнча» туруктуу комиссиясынын маалыматы эске алынсын.

2. «Эл аралык XI Ысык-Көл оюндары 2013» спорттук мелдешине катышып, спорттун үч түрү боюнча байгелүү орунга жеткен Кочкор-Ата шаарынын тургуну Мырзабек уулу Жумабекке, Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин түрдүү чыгымдарынын эсебинен 10 000 (он миң) сом акчалай сыйлык менен сыйлансын жана акча каражаты менен камсыз кылуу шаардык мэриянын каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы Ж.Мамбеткуловага милдеттендирилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 14-апрелиндеги № 231 токтомунун тиркемесиндеги, бир булактан сатып алуу ыкмасы менен сатып алууга тийиш болгон ишканалардын тизмегиндеги «Автожыйноо-завод» ААКнан, «Тазалык» жашылдандыруу,көрктөндүрүү санитардык тазалоо комбинатына, борбордук көчөлөрүн заманбап техника менен тейлөө боюнча 2 240 000 сомго ГАЗ-3309 КО-440-2 маркасындагы техниканы жана 50даана мусор контейнер сатып алууга акча каражатын камсыздоо жагы, Кочкор-Ата шаарынын мэри К.М.Эгембердиевге жана каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы Ж.Мамбеткуловага милдеттендирилсин.

4. Токтомдун аткарылышы боюнча маалыматты, жылдын жыйынтыгы менен жазуу түрүндө, шаардык Кеңештин аппаратына тапшырууну, мэриянын каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы Ж.Мамбеткуловага милдеттендирилсин.

5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө, Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин «каржы, экономика, бюджет жана салык маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

Кочкор-Ата шаардык кеңешинин төрагасы

Б. Артыков
