Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттыгына талапкерлерге бош калган депутаттык мандаттарды өткөрүп берүү жөнүндөгү айрым аймактык шайлоо комиссиялардын чечимдерин бекитүү тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2015-жылдын 8-июлу № 71 Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттыгына талапкерлерге бош калган депутаттык мандаттарды өткөрүп берүү жөнүндөгү айрым аймактык шайлоо комиссиялардын чечимдерин бекитүү тууралуу "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине ылайык, айрым аймактык шайлоо комиссиялары бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттан кийин турган талапкерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерди кабыл алышкан. "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, 7-беренесиндеги 1-бөлүктүн 2-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн талапкерлерин шайланган депутат деп таануу боюнча токтомдорунун бөлүктөрү, ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, күчүн жоготту деп таанылсын.
2. Жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын каттоосу, ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын күбөлүктөрү, ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, жараксыз деп таанылсын.
4. Аймактык шайлоо комиссиялардын "Жергиликтүү кеңештердин бош калган депутаттык мандаттарын кийинки талапкерлерге ыйгаруу жөнүндөгү" 2-тиркемеде көрсөтүлгөн чечимдери бекитилсин.
5. 2-тиркемеде көрсөтүлгөн талапкерлер жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таанылсын.
6. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын каттасын жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү жана төш белгилерди берсин.
7. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
8. Бул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жана жергиликтүү кеңештерине жөнөтүлсүн.
9. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси Б.Т.Бейшенкуловго жүктөлсүн.
Төрага
Т.Абдраимов
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2015-жылдын 8-июлундагы № 71 токтомунун 1-тиркемеси
Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ТИЗМЕСИ
№
Жергиликтүү кеңештердин аталыштары
Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын Ф.А.Ж.
Ыйгарым укугунун токтотулушунун себеби
Талапкерди депутат деп таануу жөнүндө БШКнын токтомунун № жана датасы
Чүй облусу
Чүй району
1
Искра айылдык
Шимаров Сулейман Шысырович
Өз арызы
№ 157, 15.12.2012-ж.
2
Сайлык айылдык
Жыргалбек уулу Адилет
Өз арызы
Аламүдүн району
3
Байтик айылдык
Чуреков Шаршенбек Уркунчиевич
Өлгөндүгүнө байланыштуу
№ 157, 15.12.2012-ж.
Жалал-Абад облусу
Базар-Коргон району
4
Кеңеш айылдык
Маматалиев Тилек Салижанович
Өз арызы
№ 152, 15.12.2012-ж.
Аксы району
5
Кара-Жыгач айылдык
Ызабеков Дияз Саламатбекович
Өз арызы
№ 98, 4.06.2013-ж.
Талас облусу
Талас району
6
Көк-Ой айылдык
Арыкбаев Азамат Нурманович
Өз арызы
№ 156, 15.12.2012-ж.
Манас району
7
Үч-Коргон айылдык
Дадабаев Миржалал Мадумарович
Өз арызы
№ 156, 15.12.2012-ж.
8
Мырзаев Аскар Ашымович
Муниципалдык кызматка дайындалган
9
Мавланкулов Нурлан Ызанович
Муниципалдык кызматка дайындалган
Ысык-Көл облусу
Ысык-Көл району
10
Чолпон-Ата шаардык
Мукамбаева Салтанат Сатындиевна
Өз арызы
№ 153, 15.12.2012-ж.
Ош шаары
11
Ош шаардык
Садыкова Гулмира Абдуллаевна ("Адилеттүү Кыргызстан" с/партиясы)
Өз арызы
№ 39, 13.03.2012-ж.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2015-жылдын 8-июлундагы № 71 токтомунун 2-тиркемеси
Жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таанылган талапкерлердин ТИЗМЕСИ
№
Жергиликтүү кеңештердин аталыштары
Жергиликтүү кеңештин депутаты деп таанылган талапкердин Ф.А.Ж.
Ээлеген кызматы, кызмат орду
Бош калган депутаттык мандатты ыйгаруу боюнча АШКнын чечими
Чүй облусу
Чүй району
1
Искра айылдык
Бегнусупов Уланбек Бактыбекович
Жеке ишкер
№ 3, 25.06.2015-ж.
2
Сайлык айылдык
Майдинова Сабира Шукурбековна
Жеке ишкер
№ 4, 25.06.2015-ж.
Аламүдүн району
3
Байтик айылдык
Сырымбетов Эмил Жантурсунович
"Мегаконтур" ЖЧК, директор
№ 5, 30.06.2015-ж.
Жалал-Абад облусу
Базар-Коргон району
4
Кеңеш айылдык
Дыйканбаев Тимур Касымжанович
Жеке ишкер
№ 2, 29.06.2015-ж.
Аксы району
5
Кара-Жыгач айылдык
Аширова Гулбара Токтосуновна
Убактылуу иштебейт
№ 9, 30.06.2015-ж.
Талас облусу
Талас району
6
Көк-Ой айылдык
Масалбеков Канатбек Джусуевич
"Саяк" дыйкан чарбасы, мүчө
№ 16, 29.06.2015-ж.
Манас району
7
Үч-Коргон айылдык
Калдыралиев Таалайбек Салымбаевич
Убактылуу иштебейт
№ 1, 26.06.2015-ж.
8
Осмонбеков Русланбек Эсенбекович
Манас РЭС, диспетчер
№ 2, 26.06.2015-ж.
9
Мадалиев Болот Шабданович
Убактылуу иштебейт
№ 3, 26.06.2015-ж.
Ысык-Көл облусу
Ысык-Көл району
10
Чолпон-Ата шаардык
Маткеримова Тилек Борончиевна
"Ден-Соолук" МРК, директор
№ 21, 25.03.2015-ж.
Ош шаары
11
Ош шаардык
Мамадалиев Акрам Адахамович
Жеке ишкер
№ 19, 1.07.2015-ж.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 6 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (6)
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2012-жылдын 15-декабрындагы № 152 "Жалал-Абад облусунун жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоонун…Постановление · 15.12.2012 · № 152
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2012-жылдын 15-декабрындагы № 157 "Чүй облусунун жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жана…Постановление · 15.12.2012 · № 157
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2012-жылдын 15-декабрындагы № 153 "Ысык-Көл облусунун жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоонун…Постановление · 15.12.2012 · № 153
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2012-жылдын 15-декабрындагы № 156 "Талас облусунун жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжаларын…Постановление · 15.12.2012 · № 156
- КР Шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2012-жылдын 13-мартындагы № 39 "Ош шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжаларын аныктоо тууралуу Ош…Постановление · 13.03.2012 · № 39
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2013-жылдын 4-июнундагы № 98 "Жалал-Абад облусунун жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда…Постановление · 04.06.2013 · № 98
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөЗакон · 30.06.2011 · № 62
- Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндөЗакон · 14.07.2011 · № 98
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөЗакон · 15.07.2011 · № 101 · Күчүн жоготкон