# КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2015-жылдын 17-июнундагы № 63 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун айрым аткаруу органдарынын башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2015-жылдын 17-июнундагы № 63 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун айрым аткаруу органдарынын башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 63
- Кабыл алынган күнү: 17.06.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.06.2015
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/20593>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-1588/edition/653871/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/20593.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.06.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2015-жылдын 17-июнундагы № 63 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун айрым аткаруу органдарынын башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө" токтому (17.06.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/20593

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2015-жылдын 17-июну № 63 Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун айрым аткаруу органдарынын башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7-беренелерине, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 43, 49-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 27-декабрындагы № 423 токтому менен бекитилген "Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө" жана № 424 токтому менен бекитилген "Шаардын мэрин шайлоо тартиби жөнүндө" жоболоруна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынын мэрин, Чүй облусунун Москва районунун Беш-Терек айыл өкмөт башчысын шайлоо 2015-жылдын 6-июлуна дайындалсын жана саат 09.00дөн 12.00гө чейин өткөрүлсүн.

2. Балыкчы, Москва аймактык шайлоо комиссиялары шайлоону мыйзамдарда бекитилген тартипте өткөрүүнү уюштурсун.

3. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси Б.Т.Бейшенкуловго жүктөлсүн.

Төрага

Т. Абдраимов
