Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун айрым аткаруу органдарынын башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2015-жылдын 9-июну № 57 Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун айрым аткаруу органдарынын башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7-беренелерине, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 27-декабрындагы № 423 токтому менен бекитилген "Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө" жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чүй облусунун Жайыл районунун Суусамыр, Кызыл-Дыйкан; Панфилов районунун Орто; Ош облусунун Кара-Суу районунун Отуз-Адыр, Сары-Колот, Сарай; Кара-Кулжа районунун Кеңеш; Алай районунун Кабылан-Көл, Коңур-Дөбө; Ноокат районунун Көк-Бел, Н.Исанов атындагы; Талас облусунун Бакай-Ата районунун Акназаров; Кара-Буура районунун Шекер, Бейшеке, Бакыян; Нарын облусунун Жумгал районунун Көк-Ой; Баткен облусунун Баткен районунун Ак-Сай, Ак-Татыр, Самаркандек айыл өкмөт башчыларын шайлоо 2015-жылдын 25, 26-июнуна тиркемеге ылайык дайындалсын.
2. Жайыл, Панфилов, Кара-Суу, Кара-Кулжа, Алай, Ноокат, Бакай-Ата, Кара-Буура, Жумгал, Баткен аймактык шайлоо комиссиялары шайлоону мыйзамдарда бекитилген тартипте өткөрүүнү уюштурсун.
3. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси Б.Т.Бейшенкуловго жүктөлсүн.
Төрагасынын орун басары
А. Шайымкулова
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2015-жылдын 9-июнундагы № 57 токтомуна тиркеме
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун айрым аткаруу органынын башчыларын шайлоолорду өткөрүүнүн ГРАФИГИ
№
Жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органынын аталышы
Жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органынын башчысын шайлоо датасы жана убактысы
Чүй облусу
Жайыл району
1
Суусамыр
25.06.2015-ж., саат 09-00дөн 12-00 чейин
2
Кызыл-Дыйкан
26.06.2015-ж., саат 09-00дөн 12-00 чейин
Панфилов району
3
Орто
26.06.2015-ж., саат 09-00дөн 12-00 чейин
Ош облусу
Кара-Суу району
4
Сарай
25.06.2015-ж., саат 09-00дөн 12-00 чейин
5
Сары-Колот
25.06.2015-ж., саат 14-00дөн 18-00 чейин
6
Отуз-Адыр
26.06.2015-ж., саат 09-00дөн 12-00 чейин
Кара-Кулжа району
7
Кеңеш
26.06.2015-ж., саат 09-00дөн 12-00 чейин
Алай району
8
Кабылан-Көл
25.06.2015-ж., саат 09-00дөн 12-00 чейин
9
Коңур-Дөбө
26.06.2015-ж., саат 09-00дөн 12-00 чейин
Ноокат району
10
Көк-Бел
26.06.2015-ж., саат 09-00дөн 12-00 чейин
11
Н.Исанов атындагы
26.06.2015-ж., саат 14-00дөн 18-00 чейин
Талас облусу
Бакай-Ата району
12
Акназаров
26.06.2015-ж., саат 09-00дөн 12-00 чейин
Кара-Буура району
13
Шекер
25.06.2015-ж., саат 09-00дөн 12-00 чейин
14
Бейшеке
26.06.2015-ж., саат 09-00дөн 12-00 чейин
15
Бакыян
26.06.2015-ж., саат 14-00дөн 18-00 чейин
Нарын облусу
Жумгал району
16
Көк-Ой
26.06.2015-ж., саат 09-00дөн 12-00 чейин
Баткен облусу
Баткен району
17
Ак-Сай
25.06.2015-ж., саат 09-00дөн 12-00 чейин
18
Ак-Татыр
25.06.2015-ж., саат 14-00дөн 18-00 чейин
19
Самаркандек
26.06.2015-ж., саат 09-00дөн 12-00 чейин
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (2)
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2015-жылдын 30-июнундагы № 66 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун айрым аткаруу…Постановление · 30.06.2015 · № 66
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2015-жылдын 8-июлундагы № 69 "2015-жылдын 25, 26-июнунда өткөрүлгөн жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу…Постановление · 08.07.2015 · № 69
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөЗакон · 30.06.2011 · № 62
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 27-декабрындагы № 423 "Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө" Жобону бекитүү тууралуу"…Постановление · 27.12.2011 · № 423
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөЗакон · 15.07.2011 · № 101 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.