# КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2015-жылдын 9-июнундагы № 55 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты К.Абдиевдин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2015-жылдын 9-июнундагы № 55 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты К.Абдиевдин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 55
- Кабыл алынган күнү: 09.06.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.06.2015
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/20585>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-1580/edition/653360/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/20585.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.06.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2015-жылдын 9-июнундагы № 55 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты К.Абдиевдин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө" токтому (09.06.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/20585

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2015-жылдын 9-июну № 55 Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты К.Абдиевдин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьясы кызматына К.Абдиевди шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 21-майындагы № 5130-V токтомунун негизинде, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 73-беренесинин 3-бөлүгүнүн 3-пунктуна, "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 65-беренесинин 4-бөлүгүнүн 6-пунктуна, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-пунктуна, 2-бөлүгүнө, 5-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Ата-Журт" Мекенчил партиясы" саясий партиясынын талапкерлердин тизмеси боюнча шайланган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Абдиев Курмантайдын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулсун.

2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Абдиев Курмантайдын депутаттык күбөлүгү 2015-жылдын 9-июнунан тартып жараксыз деп эсептелинсин.

3. Бул токтомдун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.

4. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси Б.Т.Бейшенкуловго жүктөлсүн.

Төрагасынын орун басары

А. Шайымкулова
