# КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2015-жылдын 16-апрелиндеги № 38 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун айрым аткаруу органдарынын башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2015-жылдын 16-апрелиндеги № 38 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун айрым аткаруу органдарынын башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 38
- Кабыл алынган күнү: 16.04.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 16.04.2015
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/20567>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-1562/edition/635717/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/20567.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.04.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2015-жылдын 16-апрелиндеги № 38 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун айрым аткаруу органдарынын башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө" токтому (16.04.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/20567

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2015-жылдын 16-апрели № 38

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун айрым аткаруу органдарынын башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө

Чүй облусунун Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акиминин 2015-жылдын 18-февралындагы № 44 буйругу менен Васильевка айыл өкмөтүнүн башчысы К.Б. Бакаев, Ысык-Көл облусунун Тоң райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акиминин 2015-жылдын 27-февралындагы № 31 буйругу менен Тоң айыл өкмөтүнүн башчысы Г.Э. Бектурганова, Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акиминин 2015-жылдын 2-апрелиндеги № 3/10 буйругу менен Чоң-Сары-Ой айыл өкмөтүнүн башчысы М.К. Сарбагышев, Ак-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акиминин 2015-жылдын 7-апрелиндеги № 66 буйругу менен Кара-Жал айыл өкмөтүнүн башчысы О.Ш. Тамаев, өздөрүнүн арыздарынын негизинде, ээлеген кызматтарынан бошотулган. «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7-беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 27-декабрындагы № 423 токтому менен бекитилген “Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө” жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Чүй облусунун Аламүдүн районунун Васильевка, Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Тоң, Ысык-Көл районунун Чоң-Сары-Ой, Ак-Суу районунун Кара-Жал айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо 2015-жылдын 4-майына дайындалсын жана саат 9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүлсүн.

2. Аламүдүн, Тоң, Ысык-Көл, Ак-Суу аймактык шайлоо комиссиялары шайлоону мыйзамдарда бекитилген тартипте өткөрүүнү уюштурсун.

3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси Б. Т. Бейшенкуловго жүктөлсүн.

Төрага

Т.Абдраимов
