Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун айрым аткаруу органдарынын башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2015-жылдын 16-апрели № 38
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун айрым аткаруу органдарынын башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө
Чүй облусунун Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акиминин 2015-жылдын 18-февралындагы № 44 буйругу менен Васильевка айыл өкмөтүнүн башчысы К.Б. Бакаев, Ысык-Көл облусунун Тоң райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акиминин 2015-жылдын 27-февралындагы № 31 буйругу менен Тоң айыл өкмөтүнүн башчысы Г.Э. Бектурганова, Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акиминин 2015-жылдын 2-апрелиндеги № 3/10 буйругу менен Чоң-Сары-Ой айыл өкмөтүнүн башчысы М.К. Сарбагышев, Ак-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акиминин 2015-жылдын 7-апрелиндеги № 66 буйругу менен Кара-Жал айыл өкмөтүнүн башчысы О.Ш. Тамаев, өздөрүнүн арыздарынын негизинде, ээлеген кызматтарынан бошотулган. «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7-беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 27-декабрындагы № 423 токтому менен бекитилген “Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө” жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чүй облусунун Аламүдүн районунун Васильевка, Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Тоң, Ысык-Көл районунун Чоң-Сары-Ой, Ак-Суу районунун Кара-Жал айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо 2015-жылдын 4-майына дайындалсын жана саат 9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүлсүн.
2. Аламүдүн, Тоң, Ысык-Көл, Ак-Суу аймактык шайлоо комиссиялары шайлоону мыйзамдарда бекитилген тартипте өткөрүүнү уюштурсун.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси Б. Т. Бейшенкуловго жүктөлсүн.
Төрага
Т.Абдраимов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 2
Цитата келтиргендер (2)
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2015-жылдын 4-майындагы № 45 "Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Тоң айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоону…Постановление · 04.05.2015 · № 45
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2015-жылдын 22-майындагы № 47 "2015-жылдын 4-майында өткөрүлгөн жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу…Постановление · 22.05.2015 · № 47
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөЗакон · 30.06.2011 · № 62
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 27-декабрындагы № 423 "Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө" Жобону бекитүү тууралуу"…Постановление · 27.12.2011 · № 423
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 18-февралындагы № 44-б (КР Өкмөтүнүн Ардак грамотасы менен сыйлоо жөнүндө) буйругуРаспоряжение · 18.02.2015 · № 44-р
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөЗакон · 15.07.2011 · № 101 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- "Положение о порядке избрания главы айыл окмоту" (утверждено постановлением Центральной комиссии по выборам и проведению референдумов Кыргызской Республики от 27 декабря 2011…Положение · 27.12.2011 · № 423
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук коммисиясынын 2021-жылдын 21-июлундагы № 629 "2021-жылдын 13-июлунда өткөрүлгөн Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Ананьево…Постановление · 21.07.2021 · № 629