# КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2015-жылдын 2-апрелиндеги № 37 "Кыргыз Республикасынын кээ бир жергиликтүү кеңештеринин депутаттыгына талапкерлерлерге шайлоо фонддорунун атайын эсебин ачуу үчүн банк мекемесин белгилөө жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2015-жылдын 2-апрелиндеги № 37 "Кыргыз Республикасынын кээ бир жергиликтүү кеңештеринин депутаттыгына талапкерлерлерге шайлоо фонддорунун атайын эсебин ачуу үчүн банк мекемесин белгилөө жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 37
- Кабыл алынган күнү: 02.04.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 02.04.2015
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/20566>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-1561/edition/628913/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/20566.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.04.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2015-жылдын 2-апрелиндеги № 37 "Кыргыз Республикасынын кээ бир жергиликтүү кеңештеринин депутаттыгына талапкерлерлерге шайлоо фонддорунун атайын эсебин ачуу үчүн банк мекемесин белгилөө жөнүндө" токтому (02.04.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/20566

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2015-жылдын 2-апрели № 37

Кыргыз Республикасынын кээ бир жергиликтүү кеңештеринин депутаттыгына талапкерлерлерге шайлоо фонддорунун атайын эсебин ачуу үчүн банк мекемесин белгилөө жөнүндө

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттыгына талапкерлерге шайлоо фонддорунун атайын эсебин ачууну камсыз кылуу максатында, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 13-бөлүгүн жана “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-беренесинин 9-бөлүгүн жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2015-жылдын 17-майына дайындалган Кыргыз Республикасынын кээ бир жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоого катыша турган талапкерлерге шайлоо фонддорунун атайын эсебин ачуу үчүн банк мекемеси болуп “РСК Банк” ААКсы белгиленсин.

2. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү, контролдук- текшерүү тобунун жетекчиси Ж.Акматовго жүктөлсүн.

Төрага

Т. Абдраимов
