# КР 2015-жылдын 2-апрелиндеги № 33 "Кыргыз Республикасынын Нарын жана Чүй облустарынын кээ бир жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө чыгымдардын сметасын бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР 2015-жылдын 2-апрелиндеги № 33 "Кыргыз Республикасынын Нарын жана Чүй облустарынын кээ бир жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө чыгымдардын сметасын бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 33
- Кабыл алынган күнү: 02.04.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 02.04.2015
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/20562>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-1557/edition/714122/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/20562.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.04.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2015-жылдын 2-апрелиндеги № 33 "Кыргыз Республикасынын Нарын жана Чүй облустарынын кээ бир жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө чыгымдардын сметасын бекитүү жөнүндө" токтому (02.04.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/20562

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ

2015-жылдын 2-апрели № 33 Кыргыз Республикасынын Нарын жана Чүй облустарынын кээ бир жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө чыгымдардын сметасын бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин “Кыргыз Республикасынын Нарын жана Чүй облустарынын кээ бир жергиликтүү кеңештерин таркатуу жана мөөнөтүнөн мурда шайлоо күнүн дайындоо жөнүндө” 2015-жылдын 27-мартындагы ПЖ №41 Жарлыгына ылайык, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14-беренесин, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесиндеги 1-бөлүктүн 2,11,12–пункттарын, 25-беренесиндеги 2, 3, 6, 7, 15-бөлүктөрүн жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2015-жылдын 17-майына дайындалган Кыргыз Республикасынын Нарын жана Чүй облустарынын кээ бир жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө чыгымдардын сметасы 350 700 (үч жүз элүү миң жети жүз) сом суммасында бекитилсин (тиркелет).

2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын финансылык жана материалдык-техникалык камсыздоо башкармалыгы каржылоону бекитилген сметага ылайык жүргүзсүн.

3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоону өзүмө калтырам.

Төрага

Т. Абдраимов
