# КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2015-жылдын 3-мартындагы № 22 "Чүй облусунун Кемин, Ысык-Көл облусунун Балыкчы аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына жана резервдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2015-жылдын 3-мартындагы № 22 "Чүй облусунун Кемин, Ысык-Көл облусунун Балыкчы аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына жана резервдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 22
- Кабыл алынган күнү: 03.03.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.03.2015
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/20551>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-1546/edition/623542/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/20551.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.03.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2015-жылдын 3-мартындагы № 22 "Чүй облусунун Кемин, Ысык-Көл облусунун Балыкчы аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына жана резервдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому (03.03.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/20551

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2015-жылдын 3-марты № 22 Чүй облусунун Кемин, Ысык-Көл облусунун Балыкчы аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына жана резервдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Кемин аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан жана резервинен чыгаруу жөнүндө М.Т.Джороловдун, К.Сыдыковдун, С.С.Курманалиеванын, С.Сатылганованын арыздарынын негизинде, ошондой эле аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан С.Ш.Сарыгулованы, Д.К.Молдокматованы чыгаруу жөнүндө Балыкчы аймактык шайлоо комиссиясынын сунушунун негизинде, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 19, 22-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордун комиссиясынын 2011-жылдын 8-июлундагы № 7 токтому менен бекитилген "Шайлоо комиссияларын түзүү жана таркатуу тартиби жөнүндө" жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Чүй облусунун Кемин аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- комиссиянын курамынан "Демократическая партия "Туран" саясий партиясынан көрсөтүлгөн Джоролов Мухтарбек Турумбекович чыгарылсын;

- комиссиянын резервинен жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Сыдыков Карыпбай, Курманалиева Сабира Садырбековна, Сатылганова Сайрабубу чыгарылсын;

- комиссиянын Курамына резервден "Азаттык" демократиялык партиясы" саясий партиясынан көрсөтүлгөн Оморов Джамалидин Турдахунович киргизилсин.

2. Ысык-Көл облусунун Балыкчы аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- комиссиянын курамынан "Улуу Биримдик" улутчул-демократиялык партиясынан көрсөтүлгөн Сарыгулова Салтанат Шаршеновна; "Кыргызстан демократиялык кыймылы партиясы" саясий партиясынан көрсөтүлгөн Молдокматова Диляна Кубатовна чыгарылсын;

- комиссиянын курамына резервден "Ата-Мекен" саясий социалисттик партиясынан көрсөтүлгөн Мусаева Бубусайра Нуракуновна; "РЕСПУБЛИКА" саясий партиясынан көрсөтүлгөн Карыбеков Жумабек киргизилсин.

3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчисинин орун басары П.П.Баженовго жүктөлсүн.

Төрага

Т. Абдраимов
