# 1-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/205477)
- Толук аталышы: КР 2015-жылдын 12-мартындагы № 56 "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 56
- Кабыл алынган күнү: 12.03.2015
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.04.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Кодекс КР от 13 апреля 2017 года № 58 "Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях"](https://aqlex.ai/kg/doc/111565)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205477/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5228/edition/623947/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205477/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.04.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу, 1-берене (13.04.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205477/st-1

---

Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1999-ж., № 2, 77-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1. 88-статьянын экинчи абзацында "ондон жыйырма" деген сөздөр "жыйырмадан элүү" деген сөздөргө алмаштырылсын.

2. 89-статьянын экинчи абзацында "бештен он" деген сөздөр "ондон жыйырма" деген сөздөргө алмаштырылсын.

3. 90-статьяда:

1-бөлүгүнүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "кызмат адамдарына - эсептешүү көрсөткүчүнүн жыйырмадан элүү өлчөмүнө чейин, юридикалык жактарга - бузуулар четтетилгенге чейин иштин белгилүү бир түрүн токтото туруу менен же ансыз - эсептешүү көрсөткүчүнүн жүздөн эки жүз өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет."; 2-бөлүгүнүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "кызмат адамдарына - эсептешүү көрсөткүчүнүн элүүдөн жүз өлчөмүнө чейин, юридикалык жактарга - бузуулар четтетилгенге чейин иштин белгилүү бир түрүн токтото туруу менен же ансыз - эсептешүү көрсөткүчүнүн беш жүздөн бир миң өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.".

4. 286-статьянын 1-бөлүгүнүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн - бештен он, кызмат адамдарына - бузуулар четтетилгенге чейин ишин токтото туруу менен - элүүдөн жүз өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.".

5. 306-статьянын экинчи абзацында "бирден" деген сөз "бештен" деген сөзгө алмаштырылсын.

---

Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205477/st-2)
