Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
1-берене
Күчүндө · 12.03.2015 редакциясы
"Нан унун байытуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 3, 209-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
1. 4-беренеде:
бешинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "- байытылган унду өндүрүүнү, алып келүүнү жана сатууну контролдоону;"; жетинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "- байытылган унду өндүрүү менен алектенген юридикалык жана жеке жактарды экономикалык жактан дем берүү (чарбакер субъекттерге Кыргыз Республикасынын салык жана бажы мыйзамдарында каралган жеңилдиктерди берүү) боюнча чараларды көрүүнү;".
2. 6-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6-берене. Байытылган ундун коопсуздугуна жана сапатына мамлекеттик контроль Нан унун байытуунун коопсуздугу боюнча техникалык регламенттердин талаптарын сактоо үчүн мамлекеттик контроль жүзөгө ашырылат. Байытылган унга жана аны сактоо, жөнөтүү жана сатуу процессине карата мамлекеттик контроль байытылган унга айлануу баскычында жүзөгө ашырылат. Байытылган ундун өндүрүштүк объекттерине жана өндүрүү процесстерине карата мамлекеттик контроль мезгилдүү пландык жана пландан сырткары текшерүүлөрдү жүргүзүү жолу менен өндүрүш объекттерин эксплуатациялоо процессинде жүзөгө ашырылат. Унду байытуу эрежелеринин сакталышын, байытылган унду жеткирүүнү жана сатууну контролдоо боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктар мыйзамдын же келишимдин негизинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүлүп берилиши мүмкүн. Унду байытуу эрежелеринин сакталышын, байытылган унду жеткирүүнү жана сатууну контролдоо боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүлүп берилген учурда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы унду байытуу эрежелеринин сакталышына, байытылган унду жеткирүүгө жана сатууга контроль жүргүзүүгө укуктуу. Унду байытуу эрежелеринин сакталышына, байытылган унду жеткирүүнү жана сатып өткөрүүнү контролдоо боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктарды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүп берүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.".
3.10-беренеде:
3-бөлүгүндө "Мамлекеттик резервдеги жана фонддордогу дандан тартылуучу" деген сөздөр "Жогорку жана биринчи сорттордогу" деген сөздөргө алмаштырылсын; берене төмөнкүдөй мазмундагы 4-бөлүк менен толукталсын: "Жогорку жана биринчи сорттордогу импорттолуучу ун техникалык регламентке ылайык байытылат."; 5-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын.
Берененин тексти 12.03.2015 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Нан унун байытуу жөнүндөЗакон · 11.03.2009 · № 78
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/205475/st-1" title="1-берене - Нан унун байытуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>