# КР 2015-жылдын 4-мартындагы № 50 "Салыктык эмес төлөмдөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2015-жылдын 4-мартындагы № 50 "Салыктык эмес төлөмдөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 50
- Кабыл алынган күнү: 04.03.2015
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 10.08.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205474>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5225/edition/893730/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205474.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.08.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2015-жылдын 4-мартындагы № 50 "Салыктык эмес төлөмдөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Мыйзамы (10.08.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205474

---

КР 2018-жылдын 10-августундагы N 89 Мыйзамына ылайык 2019-жылдын 1-январынан тартып КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2015-жылдын 4-марты № 50 "Салыктык эмес төлөмдөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205474/st-1)

"Салыктык эмес төлөмдөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1994-ж., № 5, 157-ст.) төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин: 19-3-статьянын 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын: "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын калктуу конуштарды ичүүчү суу менен камсыз кылууга ыйгарым укуктуу болгон адистештирилген уюмдары калкка ичүүчү сууну сатуудан түшкөн каражаттар бөлүгү боюнча чегерүүлөрдүн төлөөчүлөрү болуп саналбайт.".

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205474/st-2)

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

### [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205474/st-3)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

А.Ш.Атамбаев
