# КР 2015-жылдын 10-мартындагы № 52 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2015-жылдын 10-мартындагы № 52 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 52
- Кабыл алынган күнү: 10.03.2015
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.01.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205472>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5223/edition/1119984/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205472.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.01.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2015-жылдын 10-мартындагы № 52 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы (18.01.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205472

---

Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 18-январындагы № 4 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2015-жылдын 10-марты № 52 Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205472/st-1)

Кыргыз Республикасынын Салык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 8, 922-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1. 153-берененин 31-пункту күчүн жоготту деп таанылсын.

2. 286-1-берене күчүн жоготту деп таанылсын.

3. 287-берененин 1-бөлүгүнүн он экинчи-он алтынчы саптары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"

Тамеки буюмдар:

2402

Чыпкалуу сигареттер:

2402

1000 даана

2015-жылдын 1-майынан тартып 2016-жылдын 31-декабрына чейин кошо алганда

750 сом

2017-жылдын 1-январынан тартып

1000 сом

Чыпкасыз сигареттер:

2402

1000 даана

2015-жылдын 1-майынан тартып 2015-жылдын 31-декабрына чейин кошо алганда

100 сом

2016-жылдын 1-январынан тартып 2016-жылдын 31-декабрына чейин кошо алганда

400 сом

2017-жылдын 1-январынан тартып

950 сом

Сигариллалар: 2015-жылдын 1-июлунан тартып

2402

1000 даана

800 сом

Сигаралар: 2015-жылдын 1-июлунан тартып

2402

1 даана

100 сом

Ферменттелген тамекиден тышкары тамеки камтылган башка буюмдар: 2015-жылдын 1-июлунан тартып

2403

килограмм

400 сом

".

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205472/st-2)

Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1999-ж., № 2, 77-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1. 85-1-статьянын экинчи абзацында "бирден үчкө чейин" деген сөздөр "беш" деген сөзгө алмаштырылсын.

2. З01-3 жана 346-1-статьялар күчүн жоготту деп таанылсын.

3. 508-статьянын 1-бөлүгүндө жана 556-1-статьянын 1-пунктунун 1-пунктчасынын жыйырма үчүнчү абзацында "301-3," жана "346-1," деген цифралар алып салынсын.

### [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205472/st-3)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып эки ай өткөндөн кийин күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

Кыргыз Республикасынын Президенти

А.Ш.Атамбаев
