# 9-4-статья. Номерлердин сакталуучулугу

- Документ: [Электр жана почта байланышы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/205471)
- Толук аталышы: КР 2015-жылдын 6-мартындагы № 51 "Электр жана почта байланышы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 51
- Кабыл алынган күнү: 06.03.2015
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.07.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 31 июля 2025 года № 179 "О введении в действие Цифрового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029899)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205471/st-9-4>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5222/edition/622987/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Электр жана почта байланышы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу, 9-4-статья (31.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205471/st-9-4

---

Бардык мобилдик байланыш операторлору жана мобилдик байланыш кызмат көрсөтүүлөрүн жеткирип берүүчүлөр 2016-жылдын 1-январынан кечиктирбестен абоненттерге мобилдик байланыш операторун жана/же мобилдик байланыш кызмат көрсөтүүлөрүн жеткирип берүүчүнү алмаштырууда абонентке телефон номерин сактап калуу мүмкүнчүлүгүн камтыган номердин сакталуучулугунун кызмат көрсөтүүсүнөн пайдалануу мүмкүндүгүн камсыз кылууга милдеттүү. Номерлердин сакталуучулук процессин башкаруу алар тарабынан номерлерди сактоо процесстеринин аткарылышынын жүрүшүндө мобилдик байланыш операторлорунун, мобилдик байланыш кызмат көрсөтүүлөрүн жеткирип берүүчүлөрдүн ортосунда маалымат алмашууну кошуп алганда, номерлердин сакталуучулугунун борборлоштурулган маалыматтар базасы аркылуу жүзөгө ашырылат. Номерлердин сакталуучулугунун борборлоштурулган маалыматтар базасын пайдалануу сакталуучулук процессине тиешелүү маалымат алмашууну жүзөгө ашыруу үчүн сакталган номерлерге тиешелүү айрым маалыматтарды өзгөртүү, сакталган номердин абонентине берилүүчү тейлөөнү токтото туруу жана сакталган номерди мобилдик байланыштын баштапкы операторуна, мобилдик байланыш кызмат көрсөтүүлөрүн жеткирип берүүчүгө кайтарып берүүгө милдеттүү. Мобилдик байланыштын ар бир оператору, мобилдик байланыш кызмат көрсөтүүлөрүн жеткирип берүүчү номерлердин сакталуучулугун камсыз кылуу максатында номерлердин сакталуучулугунун борборлоштурулган маалыматтар базасына кошулууга милдеттүү. Номерлердин сакталуучулугун киргизүү жана жүзөгө ашыруу үчүн борборлоштурулган маалыматтар базасын уюштуруу, иштетүү, башкаруу жана күтүү анын администратору тарабынан камсыз кылынат. Номерлердин сакталуучулугунун борборлоштурулган маалыматтар базасынын администратору номерлердин сакталуучулугунун борборлоштурулган маалыматтар базасына кошулган мобилдик байланыштын ар бир операторуна жана мобилдик байланыштын кызмат көрсөтүүлөрүн жеткирип берүүчүгө номерлердин сакталуучулугун жүзөгө ашырууга тиешелүү кызмат көрсөтүүлөрдү көрсөтөт жана алардан кызмат көрсөтүүлөр үчүн ай сайын акы алат. Мобилдик байланыштын ар бир оператору жана/же мобилдик байланыш кызмат көрсөтүүлөрүн жеткирип берүүчү номерлердин сакталуучулугунун борборлоштурулган маалыматтар базасына кошулууга чыгымдарды жана номерлердин сакталуучулугунун борборлоштурулган маалыматтар базасынын администраторунун кызмат көрсөтүүлөрүн пайдаланууга чыгымдарды кошуп алганда, номерлердин сакталуучулугун киргизүү менен ассоциацияланган жеке чыгымдарынын ордун толтурууга милдеттүү. Мобилдик байланыштын бир дагы оператору, мобилдик байланыш кызмат көрсөтүүлөрүн бир дагы жеткирип берүүчү башка операторго, электр байланыш кызмат көрсөтүүлөрүн жеткирип берүүчүгө анын номерлердин сакталуучулугун киргизүү менен ассоциацияланган чыгымдарды компенсациялоого милдеттүү болбойт жана бул чыгымдарды башка операторлор жана жеткирип берүүчүлөр тарабынан компенсация кылууга талаптана албайт. Номерлердин сакталуучулугунун борборлоштурулган маалыматтар базасынын администратору өздөрүнүн кызмат көрсөтүүлөрүн Кыргыз Республикасынын аймагында жүргүзгөн мобилдик байланыш операторлору жана мобилдик байланыш кызмат көрсөтүүлөрүн жеткирип берүүчүлөр менен аффилирленүүсү мүмкүн эмес. Номерлердин сакталуучулугунун борборлоштурулган маалыматтар базасынын администратору байланыш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын токтому менен дайындалат. Кыргыз Республикасынын аймагында номерлердин сакталуучулугунун башка жалпы шарттары, уюштуруу, киргизүү жана ишке ашыруу принциптери Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан иштелип чыккан жана бекитилген номерлердин сакталуучулугу жөнүндө өзүнчө жобо менен белгиленет.".

5. 10-статьяда:

2-бөлүгүндө "Лицензиялоо жөнүндө" деген сөздөр "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" деген сөздөргө алмаштырылсын; 4-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Лицензиялоого "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган ишмердиктин түрлөрү жатат.".

6. 17-статьянын 2-бөлүгүнүн экинчи абзацында "электр байланышынын бир гана кызматы" деген сөздөр "электр байланышынын кызмат көрсөтүүлөрүнүн бир гана жеткирип берүүчүсү" деген сөздөргө алмаштырылсын.

7. 21-1-статьянын 5-пунктунун экинчи абзацында "Мобилдик байланыштын" деген сөздөр "Мобилдик уюлдук байланыштын" деген сөздөргө алмаштырылсын.

8. 28-статьянын 3-бөлүгүнүн үчүнчү абзацында "электр байланышынын эксклюзивдүү (жападан-жалгыз) кызматы болууга" деген сөздөр "электр байланыш кызмат көрсөтүүлөрүнүн эксклюзивдүү (жападан-жалгыз) жеткирип берүүчүсү болууга" деген сөздөргө алмаштырылсын.

9. 30-статьянын 3-бөлүгүнүн экинчи сүйлөмүндө "байланыш боюнча" деген сөздөрдөн мурда "кол коюлган учурдан тартып бир айлык мөөнөттө бардык өзгөртүүлөр менен бирдикте" деген сөздөр менен толукталсын.

---

Мурунку берене: [9-3-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/205471/st-9-3)  
Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205471/st-2)
