# 1-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жана Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларын күчүн жоготту деп таануу тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/205467)
- Толук аталышы: КР 2015-жылдын 3-мартындагы № 46 "Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жана Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларын күчүн жоготту деп таануу тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 46
- Кабыл алынган күнү: 03.03.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.03.2015
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205467/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5218/edition/620297/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205467/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.03.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жана Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларын күчүн жоготту деп таануу тууралуу, 1-берене (03.03.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205467/st-1

---

"Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1994-ж., № 3, 76-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:

1. 5-статья күчүн жоготту деп таанылсын.

2. 8-статьяда:

7-пункту "камсыз кылууга жана сактоого" деген сөздөрдөн кийин ", ошондой эле кризистик кырдаалдардын алдын алууга жана жоюуга" деген сөздөр менен толукталсын; 12-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "12) Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, улуттук коопсуздук органдарынын жана жазык-аткаруу тутумунун объектилерин кошпогондо, объектилерди, юридикалык жана жеке жактардын мүлкүн кайтарууну, ошондой эле объектилердеги ведомстволук кайтаруу ишинин уюштурулушун контролдоону келишимдик негизде жүзөгө ашырууга;".

3. 15-статьянын 2-бөлүгүнүн 3-пунктундагы "аскердик же" деген сөздөр алып салынсын.

---

Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205467/st-2)
