# КР 2015-жылдын 3-мартындагы № 46 "Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жана Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларын күчүн жоготту деп таануу тууралуу" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2015-жылдын 3-мартындагы № 46 "Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жана Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларын күчүн жоготту деп таануу тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 46
- Кабыл алынган күнү: 03.03.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.03.2015
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205467>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5218/edition/620297/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205467.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.03.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2015-жылдын 3-мартындагы № 46 "Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жана Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларын күчүн жоготту деп таануу тууралуу" Мыйзамы (03.03.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205467

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2015-жылдын 3-марты № 46 "Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жана Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларын күчүн жоготту деп таануу тууралуу

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205467/st-1)

"Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1994-ж., № 3, 76-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:

1. 5-статья күчүн жоготту деп таанылсын.

2. 8-статьяда:

7-пункту "камсыз кылууга жана сактоого" деген сөздөрдөн кийин ", ошондой эле кризистик кырдаалдардын алдын алууга жана жоюуга" деген сөздөр менен толукталсын; 12-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "12) Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, улуттук коопсуздук органдарынын жана жазык-аткаруу тутумунун объектилерин кошпогондо, объектилерди, юридикалык жана жеке жактардын мүлкүн кайтарууну, ошондой эле объектилердеги ведомстволук кайтаруу ишинин уюштурулушун контролдоону келишимдик негизде жүзөгө ашырууга;".

3. 15-статьянын 2-бөлүгүнүн 3-пунктундагы "аскердик же" деген сөздөр алып салынсын.

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205467/st-2)

Ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

- "Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлигинин ички аскерлери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 1994-жылдын 14-апрелиндеги № 1474-XII Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1994-ж., № 6, 184-ст.);

- "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 25-июлундагы № 130 Мыйзамынын 12-статьясы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2002-ж., № 9, 418-ст.);

- "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 11-июнундагы № 98 Мыйзамынын 6-статьясы, (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2003-ж., № 9, 358-ст.);

- "Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 17-октябрындагы № 231 Мыйзамынын 9-беренесинин 11-бөлүгү (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 8, 923-ст.);

- "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 30-декабрындагы № 319 Мыйзамынын 2-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 11, 1033-ст.);

- "Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлигинин ички аскерлери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 9-декабрындагы № 231 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2012-ж., № 11, 1671-ст.).

### [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205467/st-3)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

А.Ш.Атамбаев
