# 6-берене. Чек ара ыйгарым укуктууларын укуктук жана социалдык жактан коргоо

- Документ: [Чек ара ыйгарым укуктуулары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205466)
- Толук аталышы: КР 2015-жылдын 3-мартындагы № 45 "Чек ара ыйгарым укуктуулары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 45
- Кабыл алынган күнү: 03.03.2015
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 23.05.2023
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 23 мая 2023 года № 108 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О Государственной границе Кыргызской Республики" и признании утратившими силу некоторых законодательных актов Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112588)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 13 сентября 2021 года № 117 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О пограничных уполномоченных""](https://aqlex.ai/kg/doc/112295)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/205466#diff=1254745..1254746>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205466/st-6>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5217/edition/1254744/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205466/st-6.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.05.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Чек ара ыйгарым укуктуулары жөнүндө, 6-берене (23.05.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205466/st-6

---

1. Чек ара ыйгарым укуктуулары тапшырылган мамлекеттик чек ара участогун кайтаруу боюнча аларга жүктөлгөн милдеттерди аткарууда мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндө мамлекеттик органдын ыйгарым укуктуу өкүлү болуп саналышат.

2. Чек ара ыйгарым укуктуунун мыйзамдуу талаптарына баш ийбөө, аны мазактоо, коркутуу, зомбулук кылуу же анын өмүрүнө, ден соолугуна, мүлкүнө кол салуу, ошондой эле ага жүктөлгөн милдеттерди аткарууга тоскоолдук кылган башка аракеттер Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген жоопкерчиликке алып келет.

3. Чек ара ыйгарым укуктууларынын өмүрүн жана ден соолугун милдеттүү мамлекеттик камсыздандыруу, алар мамлекеттик чек араны кайтаруу менен байланышкан кызматтык милдеттерди аткарып жатканда өлгөн, майыптыкты же жаракатты алган учурда Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн аскер кызматчылары менен бирдей жүзөгө ашырылат.

(КР 2021-жылдын 13-сентябрындагы № 117 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205466/st-5)  
Кийинки берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205466/st-7)
