# 43-берене. Чек ара ыйгарым укуктууларынын курап колдонуусу

- Документ: [Чек ара ыйгарым укуктуулары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205466)
- Толук аталышы: КР 2015-жылдын 3-мартындагы № 45 "Чек ара ыйгарым укуктуулары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 45
- Кабыл алынган күнү: 03.03.2015
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 23.05.2023
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 23 мая 2023 года № 108 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О Государственной границе Кыргызской Республики" и признании утратившими силу некоторых законодательных актов Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112588)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 13 сентября 2021 года № 117 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О пограничных уполномоченных""](https://aqlex.ai/kg/doc/112295)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/205466#diff=1254745..1254746>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205466/st-43>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5217/edition/1254744/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205466/st-43.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.05.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Чек ара ыйгарым укуктуулары жөнүндө, 43-берене (23.05.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205466/st-43

---

1. Чек ара ыйгарым укуктуусу жүктөлгөн милдеттерди аткарууда куралды төмөнкү учурларда колдонууга укуктуу:

1) Кыргыз Республикасынын аймагына куралдуу кол салуунун мизин майтарууда;

2) мамлекеттик чек араны куралдуу бузуучуларды чек ара күзөтүнүн курамында куунун жүрүшүндө жана эгерде чек ара күзөтүнүн өздүк курамына кол салуунун түздөн-түз коркунучу бар болсо, куралды колдонууну кечеңдетүү адамдардын өмүрүнө түздөн-түз коркунуч түзсө же башка оор кесепеттерге алып келиши мүмкүн болсо;

3) мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын бөлүмдөрүнө жана объекттерине кол салуунун мизин кайтарууда.

2. Төмөнкүлөргө карата куралды колдонууга тыюу салынат:

1) көрсөтүлгөн адамдар жарандардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч келтирүү менен куралдуу каршылык көрсөткөн, топтошуп же болбосо башкача кол салган учурларды кошпогондо, аялдарга майыптыгынын белгилери ачык көрүнүп турган адамдарга, курагы айкын же белгилүү болгон жашы жетеэлектерге карата;

2) жүргүнчүлөрү бар транспорт каражаттарына карата;

3) мамлекеттик чек араны атайылап эмес же кырсыктын натыйжасында же болбосо жеңилгис күчтүн башка жагдайларынан улам бузган адамдарга карата;

4) эгерде жарандардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч келтирбесе, жаныбарларга карата.

(КР 2021-жылдын 13-сентябрындагы № 117 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [42-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205466/st-42)  
Кийинки берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205466/st-5)
