# 42-берене. Чек ара ыйгарым укуктуулары атайын каражаттарды колдонуусу

- Документ: [Чек ара ыйгарым укуктуулары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205466)
- Толук аталышы: КР 2015-жылдын 3-мартындагы № 45 "Чек ара ыйгарым укуктуулары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 45
- Кабыл алынган күнү: 03.03.2015
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 23.05.2023
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 23 мая 2023 года № 108 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О Государственной границе Кыргызской Республики" и признании утратившими силу некоторых законодательных актов Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112588)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 13 сентября 2021 года № 117 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О пограничных уполномоченных""](https://aqlex.ai/kg/doc/112295)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/205466#diff=1254745..1254746>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205466/st-42>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5217/edition/1254744/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205466/st-42.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.05.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Чек ара ыйгарым укуктуулары жөнүндө, 42-берене (23.05.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205466/st-42

---

1. Чек ара ыйгарым укуктуусу жүктөлгөн милдеттерди аткарууда атайын каражаттарды төмөнкү учурда колдонууга укуктуу:

1) эгерде кармалган адамдардын качышы, айланадагыларга же өзүнүн ден соолугуна зыян келтириши мүмкүн деп болжолдоого жетиштүү негиз бар болсо, аларды чек ара күзөтүнүн курамында күзөт менен коштоодо жана кайтарууда:

2) аскер кызматчыларына жана башка адамдарга кол салуунун мизин майтаруу үчүн;

3) башка укук бузуулардын алдын алуу жана аларды четтетүү, ошондой эле зарыл коргонуу үчүн жана өтө зарылчылык учурунда.

2. Төмөнкүлөргө карата атайын каражаттарды колдонууга тыюу салынат:

1) көрсөтүлгөн адамдар жарандардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч келтирүү менен куралдуу каршылык көрсөткөн, топтошуп же болбосо башкача кол салган учурларды кошпогондо, кош бойлуулугунун белгилери көрүнүп турган аялдарга, майыптыгынын белгилери ачык көрүнүп турган адамдарга, курагы айкын же белгилүү болгон жашы жетеэлектерге;

2) эгерде бул атайылап эмес же кырсыктын натыйжасында же жеңилгис күчтүн башка жагдайларынан улам болуп өтсө (болуп жатса), мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өткөн адамдарга.

(КР 2021-жылдын 13-сентябрындагы № 117 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [41-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205466/st-41)  
Кийинки берене: [43-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205466/st-43)
