# 1-берене. Чек ара ыйгарым укуктууларынын статусунун мазмуну

- Документ: [Чек ара ыйгарым укуктуулары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205466)
- Толук аталышы: КР 2015-жылдын 3-мартындагы № 45 "Чек ара ыйгарым укуктуулары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 45
- Кабыл алынган күнү: 03.03.2015
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 23.05.2023
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 23 мая 2023 года № 108 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О Государственной границе Кыргызской Республики" и признании утратившими силу некоторых законодательных актов Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112588)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 15 января 2021 года № 5 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях, законы Кыргызской Республики "О Государственной границе Кыргызской Республики", "О пограничных уполномоченных")"](https://aqlex.ai/kg/doc/112166)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/205466#diff=1254744..1254745>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205466/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5217/edition/1254744/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205466/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.05.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Чек ара ыйгарым укуктуулары жөнүндө, 1-берене (23.05.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205466/st-1

---

1. Эмгек милдеттеринин шарттары, мүнөзү, ошондой эле аткарылышы чек ара ыйгарым укуктууларынын статусунун маңызын аныктайт, ал ушул Мыйзамдын негизинде чыгарылган Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары менен белгиленген укуктарды, милдеттерди, юридикалык жоопкерчиликти, укуктарды ишке ашыруу кепилдигин камтыйт.

2. Чек арага чектеш райондордо туруктуу негизде жашаган жана чарба иштери менен алектенген жана өз иштерин эмгек келишиминин негизинде жүзөгө ашырган мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын адамдары чек ара ыйгарым укуктууларына кирет.

3. Чек ара ыйгарым укуктуулары мамлекеттик чек аранын барууга кыйын, алыскы жана начар корголгон участокторунда мамлекеттик чек араны ыкчам коргоо жана чек арачыларга мамлекеттик чек араны кайтаруу боюнча кызматтык-күжүрмөн тапшырмаларды аткарууда көмөктөшүү үчүн тартылат.

4. Чек ара ыйгарым укуктуулары бардык укуктардан жана эркиндиктерден пайдаланат.

Кошумча укуктар жана милдеттер Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары менен аныкталышы мүмкүн.

5. Чек ара ыйгарым укуктуусу тартиптик жана материалдык жоопкерчилик, ошондой эле кылмыштарды, жоруктарды жана бузууларды жасагандыгы үчүн жоопкерчилик тартат.

(КР 2021-жылдын 15-январындагы № 5 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205466/st-2)
