# 2-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205456)
- Толук аталышы: КР 2015-жылдын 17-февралындагы № 35 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 35
- Кабыл алынган күнү: 17.02.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.02.2015
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205456/st-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5207/edition/615869/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205456/st-2.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.02.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө, 2-берене (17.02.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205456/st-2

---

Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө Кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1999-ж., № 2, 77-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:

1. Кодекс төмөнкүдөй мазмундагы 62-1-статья менен толукталсын:

"62-1-статья. Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө мыйзамдардын талаптарын бузуу Жарандардын электрондук кайрылууларын мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын расмий сайтына кабыл алуу үчүн электрондук почта дарегин жайгаштырбоо, электрондук кайрылууга номер жана каттоо датасын ыйгаруу боюнча белгиленген мөөнөттөрдү бузуу, расмий сайтка андайга ыйгарым укук берилген кызмат адамы тарабынан болбогон электрондук почта дарегин жарыялоо - кызмат адамдарына эсептешүү көрсөткүчүнүн он беш өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.".

2. 556-1-статьянын 1-пунктунун 1-пунктчасынын экинчи абзацы "82-1" деген цифралардан кийин ", 234-1" деген цифралар менен толукталсын.

---

Мурунку берене: [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205456/st-1)  
Кийинки берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205456/st-3)
