# КР 2015-жылдын 17-февралындагы № 34 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2015-жылдын 17-февралындагы № 34 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 34
- Кабыл алынган күнү: 17.02.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 20.10.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205455>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5206/edition/1097014/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205455.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2015-жылдын 17-февралындагы № 34 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Мыйзамы (20.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205455

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2015-жылдын 17-февралы № 34 Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө (КР 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205455/st-1)

"Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-ж., № 7, 1001-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 52-берененин 2-бөлүгүндө: 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "1) өзүнүн депутаттык ыйгарым укуктарын алып салуу же фракциядан чыгуу жөнүндө жазуу жүзүндө арыз берүүсү;"; 12-пункт күчүн жоготту деп таанылсын.

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205455/st-2)

"Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-ж., № 5, 228-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 3-статьяда: 1-бөлүгүнүн жетинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын; 2-бөлүгүнүн төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "өзүнүн депутаттык ыйгарым укуктарын алып салуу же фракциядан чыгуу жөнүндө жазуу жүзүндө арыз бергенде.".

### [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205455/st-3)

(КР 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

### [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205455/st-4)

"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-ж, № 6, 557-ст.) төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин: 20-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 19-1-пункт менен толукталсын: "19-1) өзүнүн депутаттык ыйгарым укуктарын алып салуу же фракциядан чыгуу жөнүндө жазуу жүзүндө арыз берген учурда жергиликтүү кеңештин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотот;''.

### [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205455/st-5)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

А. Атамбаев
