Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР «Жарнак жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу» Мыйзамы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2015-жылдын 21-январы № 23 "Жарнак жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу
1-берене. "Жарнак жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 4, 195-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
1. Мыйзамдын бүткүл тексти боюнча ар түрдүү жөндөмө формаларындагы "жана анын аймактык органы", "же анын аймактык органы", "жана алардын аймактык органы" деген сөздөр алып салынсын.
2. 1-берененин 1-пунктунун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Ак ниет атаандаштыктын принциптерин сактоонун негизинде товарлардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн рынокторун өнүктүрүү, керектөөчүлөрдүн ак ниет жана ишенимдүү жарнак алуу укугун ишке ашыруу, социалдык жана мамлекеттик жарнакты чыгаруу жана жайылтуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, жарнак жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын бузулушун алдын алуу, жарнактын керектөөчүлөрүн адаштырууга же жеке же юридикалык жактардын ден соолугуна, мүлкүнө, курчап турган чөйрөгө зыян келтирүүгө же болбосо көрсөтүлгөн адамдардын ар-намысына, кадыр-баркына же ишкердик аброюна зыян келтирүүгө жөндөмдүү, ошондой эле коомдук кызыкчылыктарга, гумандуулуктун жана моралдын принциптерине шек келтирген талаптагыдай эмес жарнакка бөгөт коюу ушул Мыйзамдын максаты болуп саналат.".
3. 6-беренеде:
мамлекеттик тилдеги тексттин төртүнчү абзацында "жазгырмалуу деп эсептелет" деген сөздөр алып салынсын; берене төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын: "атаандаштык жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ак ниет эмес атаандаштык белгилерин камтыса ак ниет эмес деп эсептелет.".
4. Расмий тилдеги 26-берененин текстинде:
1-пунктунун биринчи абзацында "осуществляют" деген сөз "осуществляет" деген сөзгө алмаштырылсын; 3-пунктунда "освобождаются" деген сөз "освобождается" деген сөзгө алмаштырылсын.
5. 31-берененин 4-пунктунда "(алардын кызмат адамдарынын)" деген сөздөр алып салынсын.
2-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланууга жатат жана 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусу жөнүндө эл аралык Келишим күчүнө кирген күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
А. Атамбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
- Жарнак жөнүндөЗакон · 24.12.1998 · № 155
Шилтеме берет (1)
- Жарнак жөнүндөЗакон · 24.12.1998 · № 155