# КР 2015-жылдын 20-январындагы № 20 "Электр жана почта байланышы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү тууралуу" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2015-жылдын 20-январындагы № 20 "Электр жана почта байланышы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 20
- Кабыл алынган күнү: 20.01.2015
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205445>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5196/edition/614109/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205445.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2015-жылдын 20-январындагы № 20 "Электр жана почта байланышы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү тууралуу" Мыйзамы (31.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205445

---

Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 31-июлундагы № 179 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2015-жылдын 20-январы № 20 "Электр жана почта байланышы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү тууралуу

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205445/st-1)

"Электр жана почта байланышы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 8, 230 а-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүү киргизилсин:

1. 2-статья төмөнкүдөй мазмундагы жыйырма төртүнчү абзац менен толукталсын:

"Трансчекаралык-транзиттик туташуу (өтүү) - бир мамлекеттин электр байланыш операторлорунун электр байланыш тарамдары менен башка мамлекеттин электр байланыш операторлорунун электр байланыш тарамдарынын ортосундагы Кыргыз Республикасынын электр байланыш операторлорунун тарамдары аркылуу кандай гана болбосун туташуу.".

2. 16-статьянын 4-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын.

3. Мыйзам төмөнкүдөй мазмундагы 34-1-статья менен толукталсын:

"34-1-статья. Кыргыз Республикасынын чек арага жанаша аймагында байланыш линияларын куруу жана эксплуатациялоо Кыргыз Республикасынын чек арага жанаша аймагында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын кесип өтүүдө байланыш линияларын куруунун, эксплуатациялоонун жана тейлөөнүн, анын ичинде кабелди төшөөнүн жана линиялык-кабелдик курулмаларды куруунун, байланыштын линиялык-кабелдик курулмаларында курулуш жана авариялык-калыбына келтирүү иштерин жүзөгө ашыруунун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.".

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205445/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

### [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205445/st-3)

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 6 айлык мөөнөттө ушул Мыйзамдан келип чыгуучу ченемдик укуктук актыларды кабыл алсын.

Кыргыз Республикасынын Президенти

А. Атамбаев
