# КР 2015-жылдын 20-январындагы № 18 "Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2015-жылдын 20-январындагы № 18 "Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 18
- Кабыл алынган күнү: 20.01.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 20.01.2015
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205444>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5195/edition/614107/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205444.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.01.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2015-жылдын 20-январындагы № 18 "Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө" Мыйзамы (20.01.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205444

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2015-жылдын 20-январы № 18 Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205444/st-1)

Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин I бөлүгүнө (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1996-ж., № 6, 80-ст.) төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин: 254-1-статьянын 2-пункту төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү жана төртүнчү абзацтар менен толукталсын: "Бишкек жана Ош шаарларынын аймактарына өзү билип курулган курулуш, эгерде аны жүзөгө ашырган адам аныкталбаса, тиешелүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын чечими боюнча бузулууга жатат. Өзү билип курулган курулушту бузуу, аны бузуу жөнүндө чечимди кабыл алган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылат.".

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205444/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

Кыргыз Республикасынын Президенти

А. Атамбаев
