# 1-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205443)
- Толук аталышы: КР 2015-жылдын 16-январындагы № 16 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 16
- Кабыл алынган күнү: 16.01.2015
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.01.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205443/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5194/edition/856630/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205443/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө, 1-берене (24.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205443/st-1

---

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 7, 229-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: 221-статьяда: 1-бөлүгүнүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "эсептик көрсөткүчтөрдүн беш жүздөн бир миңге чейинки өлчөмүндө айыпка, же болбосо бир жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат."; 2-бөлүгүнүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "эсептик көрсөткүчтөрдүн бир миңден төрт миңге чейинки өлчөмүндө айыпка, же болбосо үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат."; статья төмөнкүдөй мазмундагы 3, 4-бөлүктөр менен толукталсын: "(3) Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган жосун акцияларынын 30дан ашык пайызы (үлүшү) мамлекетке же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына тиешелүү болгон коммерциялык уюмдагы башкаруу милдетин аткаруучу адам тарабынан жасалса, - мүлкүн конфискациялоо менен үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызмат ордун ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу менен, беш жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (4) Ушул статьянын үчүнчү бөлүгүндө каралган, оор кесепеттерге алып келген, ага тете жосун:

1) алдын ала сүйлөшүү боюнча адамдардын тобу тарабынан;

2) өзгөчө ири зыян келтирүү менен жасалса, -

мүлкүн конфискациялоо менен үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызмат ордун ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу менен, сегиз жылдан он эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат."; эскертүүдө: 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "2. Эгерде ушул статьяда же болбосо ушул главанын башка статьяларында каралган жосун мамлекеттик же муниципалдык түзүлүш акцияларга (уставдык капиталдагы үлүшкө) ээлик кылган мамлекеттик же муниципалдык ишкана, чарбалык коом болуп саналбаган коммерциялык уюмдун гана кызыкчылыктарына зыян келтирсе, кылмыш-жаза куугунтугуна алуу ошол уюмдун арызы боюнча же анын макулдугу менен жүзөгө ашырылат."; эскертүү төмөнкүдөй мазмундагы 4-бөлүк менен толукталсын: "4. Ушул статьяда каралган жосун, эгерде ал кылмыш жасалган учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген эсептик көрсөткүчтөн жыйырма миң эсе ашса, өзгөчө ири зыян келтирүү менен жасалган деп таанылат.".

---

Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205443/st-2)
